Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

ИРАН МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА МАСКӨӨДӨ ӨТКӨРҮЛГӨН СҮЙЛӨШҮҮ ЖЫЙЫНТЫКСЫЗ АЯКТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 18-апрель күнү кечинде Маскөөдө Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан маселе боюнча эл аралык жыйын болуп өттү. Ага алты мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Үч саатка уланган жыйын жабык эшик артында өттү жана ал аяктагандан кийин АКШ өкүлү Николас Бөрнс "Ассошиейтед пресс" агенттигине билдиргенге караганда, жаңы эч кандай чечим кабыл алынган жок, тараптар өздөрүнүн мурдагы турумунда калды жана алар - Иранга мындан ары кандай чараларды көрүү керек экени тууралуу гана сүйлөштү.

Бөрнстүн айтымында, Маскөөдөгү бул жыйында кандайдыр бир орчундуу чечим кабыл алынат деп күтүлгөн да эмес.

Жыйынга Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Европа Биримдигинин өкүлү катары Алманиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышты. Кытайдын өкүлү Цуй Танкай жыйын алдында Иранда болуп кеткен.

Жыйын Орусиянын демилгеси менен өткөрүлдү. Буга чейин Ирандын өкүлдөрү менен Алмания, Британия жана Франциянын дипломаттары үч жыл бою сүйлөшүү жүргүзүп келген, бирок андан эч жыйынтык чыкпагандыктан, алар акыркы мезгилде АКШнын турумун колдоп, мындан ары дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн пайда болбой тургандыктан, Тегеранга каршы катуу чара көрүш керек деген пикирге келген.

Маскөө болсо ага караманча каршы жана орусиялык эксперт Александр Гольцтун айтымында, Маскөө менен Тегеран ортосундагы экономикалык байланыштар өтө күчтүү болгондуктан, Орусия аны өз кызыкчылыгында пайдаланууга аракеттенүүдө:

"Орусия өзүнүн Иран менен болгон мамилелерин - Батыш мамлекеттерине каршы көзүр катары пайдаланууга аракеттенүүдө. Ал мамилелерди Маскөө эң жогору баага сатып, ал үчүн, мисал үчүн, Батыштан Путиндин режимине каршы айтылып жаткан сынды жумшартууга же Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу маселеси боюнча артыкчылык алууну көздөйт", - дейт Гольц.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 28-апрелде Иран маселеси боюнча Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматка жараша Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы кандай чара көрүү керек деген чечим кабыл алат. АКШ жана башка Батыш мамлекеттери Иранга каршы чектөө жарыялоону сунуш кылып жатат. Маскөө жана Бээжиндин пикиринде, дипломатиялык сүйлөшүүлөр улантылууга тийиш.

Айрым маалыматтарга караганда, эгер диломатиялык чаралар жыйынтык бербесе, АКШ Иранга каршы өзү күч колдонушу мүмкүн. Акыркы мезгилде болсо, Вашингтон Иранга каршы өзөктүк курал да пайдаланышы мүмкүн деген маалыматтар пайда боло баштады.

XS
SM
MD
LG