Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ПАКИСТАНДАГЫ БЕЛУЖИСТАН ПРОВИНЦИЯСЫНДА АВТОНОМИЯ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Азыр дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттерде жашаган улуттук азчылыктар эгемендүүлүк үчүн күрөшүүдө. Сербиядагы Косово, Грузиядагы Абхазия же Индиядагы Кашмир маселелери баарыга белгилүү. Бирок Кашмирге тийешеси бар Пакистандын өзүндө дагы Белужистан деген аймак бар жана акыркы жылдарда бул аймактын эли дагы эгемендүүлүк үчүн күрөшүүдө, өлкө жетекчилиги болсо аларга каршы күч колдонууда.

Белужистан Пакистандын эң чоң провинциясы, ал өлкө аймагынын 44 пайызын ээлейт, бирок анда өлкө калкынын беш гана пайызы жашайт. Андан тышкары Белужистанда табигый газ чыгат жана Пакистан андан миллиарддаган доллар киреше табат.

Белужистандын Иран жана Ооганстан менен чек арасы бар, ошондуктан анын калкы өз алдынчалыкты каалайт, бирок бийлик ага каршы жана аймакта абдан көп аскер жайгаштырылган жана улуттук өз алдынчалык үчүн күрөшкөндөргө катуу чараларды көрүп жатат.

Өлкө парламентинин депутаты Имран Хандын айтымында, бийлик Белужистанга колонияга сыяктуу мамиле кылат: "Борбор Белужистанга колонияга сыяктуу мамиле кылат, анын кен байлыктары кеңири пайдаланылат, бирок регионду өнүктүрүү үчүн эч чара көрүлбөйт. Провинцияга кирешенин 5 гана пайызы бөлүнсө, эч кандай өнүгүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес", - дейт депутат Имран Хан.

Акыркы жылдарга чейин бийлик Белужистанды жөн гана чийки зат берген провинция катары пайдаланып келген, бирок 2004-жылдан тартып региондо Суй деген ири порт курула баштады, анткен менен жергиликтүү эл ага каршы, анткени курулуш менен байланыштуу провинцияга көптөгөн пенжабдыктар көчүрүлө баштады жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аскерлер да көп келүүдө. Бийлик аны өнүгүү үчүн керек деп түшүндүрөт:

"Өлкө өнүгүүсүнүн 60 пайызы ушул региондо болмокчу, буга чейин өкмөт ага көп көңүл бурбай келген. Улуттук кыймылдар болсо ага каршылык көрсөтүүдө. Алар негизинен жергиликтүү корбашылар жана алардын жолдоочулары. Алар сабаттуулукка да каршы, аймакка жиберилген мугалимдерди кууп чыгат, контракт менен келип иштеген адамдарды өлтүрөт", - дейт Пакистандын маданият министри шейх Рашид Ахмед.


"Талебан" жөнүндө белгилүү китеп жазган атактуу журналист Ахмед Рашид абалды минтип баалайт: "Пакистандын аскерий режими тарабынан Белужистандын калкы менен кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзүү багытында эч кандай аракеттин белгиси да жок, алар жергиликтүү эл менен аскерий тил менен гана сүйлөшөт", - дейт Ахмед Рашид.

Белужистандагы улуттук кыймылды колдойт деп Пакистан бийлиги Иран, Индия жана Ооганстанды күнөөлөйт.

XS
SM
MD
LG