Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : САЯСИЙ ДИАЛОГ САЯ КЕТПЕШ ҮЧҮН АГА ДАЯРДАНЫШ КЕРЕК


Кыргыз парламентинин экс-спикери, 29-апрелде саясий акция уюштуруу боюнча оппозициялык штабдын жетекчиси Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» танкы берүүлөрүнө маектешүүгө чыгып, бир күн мурда улуттук телеканалдагы Президент катышкан тегерек үстөл жыйыны боюнча ой-пикирин бөлүштү.

- Азыр эле Улуттук телерадио компанияда өткөн жолугушуу жөнүндө макала уктурулду. Анда сиз ал талкуунун жыйынтыктарына ыраазы эмес экендигиңизди айттыңыз, президент конкреттүү оюн айтпайт, сунушун билдирбей актанды дедиңиз. Эгерде 2-3 күндө кайра ушундай жыйын өткөрүлө турган болсо сиз катышат белеңиз?

- Тегерек столго биз ар дайым катышышыбыз керек. Анткени, ал кызматташууга болгон ниет, умтулуу, даярдыкты билдирет. Ошондуктан биз ар дайым сүйлөшүүлөргө, тегерек столдорго катышабыз, мурда Акаевдин убагында да катышып келгенбиз. Бирок ушундай эле жыйынтык чыкпайт эле. Ырас, мурдагыга караганда, албетте өзгөчөлүктөр бар. Диалогго даярданыш керек. Адамдардын көбү кокусунан чакырылган. Демилгечи ким экенин эч ким билбейт, мамлекеттик телерадио компаниясы бизбиз десе, бир аздан кийин чыгып алып Курманбек Бакиев мен элем деди. Кимдер чакырылганын мен билбейм деди. Кимдер чакырылганын билиш керек. Кимдер менен сүйлөшөт, алардын маселелерин алдын ала туюп, даярданышы керек, алардын ошондой кызматтары бар. Ошого даярданып чечими менен келиш керек.

Президент, өкмөт кетирип жаткан кемчилигин туйбаса, баамдабаса, мына ушундай жерден туюп, баамдап, конкреттештириши керек. Эгерде баамдап, бирок чече турган жолун таба албай жүргөн болсо, мына ушундай талкууда, ушундай дискуссияда ошонун жолу табылса, мындай кылсак болот турбайбы, эми мындай кылабыз, ушундай нерседен болбой жүргөн экен деп аягында президент өзүнүн оюн айтса болмок. Акаевди биз канча жамандаганыбыз менен, ар бир жолу ушул, же тигил маселени чечүүнүн жаңы жолун таап, сунуштаганга аракет кылчу эле. Мен мисалы жөнөкөй эле бир сунуш киргиздим, сот Акаевдин убагынан бери коррупцияланганын баарыбыз айтып, ошонун ичинде урматтуу президент өзүңүз айтып жүрөсүз, бирок эмне үчүн ошол судьяларды чекесинен чертип, репутациясы бузулган, элдин арасында авторитети жок судьяларды жылдырбастан, четке коюп, жаңы, жаш адамдардан жылдырбайсызбы, бул сиздин колуңузда, укугуңузда деп берген суроом жоопсуз калды. Менин оюмча, бул объективдүү маселе, мунун чечими келген-кеткенде жатат. Туура, законду өзгөртөм, силерге талкууга киргизем, ошол законду колдоп бергиле, анан ошого ылайыктуу чечебиз деп, каалоосу болсо эле ошол маселени иликтесе болот.

- Өмүрбек мырза, тогуз күндөн кийин силер өлкө боюнча тынч митинг өткөргөнү жатасыздар. Азыр бийликке коюп жаткан талаптарыңыздардын бири күч структураларын реформалоо экенин айттыңыздар, анын ичинде конкреттүү чиновниктерди, мисалы баш прокурорду, коопсуздук кызматынын төрагасын, алардын ичинде президенттик администрация башчысын, мам.катчыны кызматтан алууну талап кылдыңыздар. Эгерде чын эле ушул кишилер кызматтан кете турган болсо, кимдер ордуларына келиш керек деп атасыздар. Жаңы чиновниктерди прзеидент сунушташы керекпи, же сиздерде өзүңүздөрдүн талапкерлериңер барбы?

- Кетишин талап кылып жаткан чиновниктердин ордуна башка адамдарды дайындоо бул президенттин компетенциясындагы иш, ал өзүнүн түшүнүгүнө, саясий эркине жараша кандидатураларды тандап алат.

- 29-апрелде баштала турган митингде эгерде президент, же премьер-министр ошол реформаларды аткарабыз деп сөз беришсе таркап кетесиздерби, же ал реформалар башталганча күтүп турасыздарбы?

- Реформа бир күндө бүтпөйт. Реформанын башталышына ынтызарлыгын, убадасын ишенимдүү элге бериш керек. Кечээки биздин жолугушуубуз-мен Конституциялык реформаларга азыр барбайм дегени, бирок бул маселелерди Конституциялык реформасыз деле жасаса болот. Азыр башкаруу тармагында, коррупцияга каршы күрөшүү тармагында конкреттүү жаңы чаралар, жаңы демилгелелер менен чыгышыбыз керек. Биз жаңы демилге менен чыгып элди сүрөгөндүн ордуна ар дайым актанып, ушуга окшогон жолугушуулар президенттин сүйлөрүн күтүп отурат. Менин оюмча бул туура эмес, президент ушул жаман адатынан кутулушу керек. Ал мындай жолугушуларга даярданып, лидер болуп, жаңы сунуштарын айтып, залдын жарымынын айтканына кол чаап, туура айтты, ушунусун колдойбуз деп ураан алгандай болуш керек. Ошондой даярдык менен эл алдында, телевидение аркылуу көргөзүлгөн жолугушууларды даярдаш керек деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG