Бийлик төбөлдөрү менен өткөрүлгөн саясий диалог таптакыр болбой калды дегендик жарабайт. Бул бийлик менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы. Бирок эң негизгиси мындай сүйлөшүүлөр даярдалып, жыйынтыкка келгендей болуп, жогорку деңгээлде алып барылышы керек эле. Тилекке каршы бул саясий диалог мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибрагиомовдун сценарийине коендой окшош, шашылыш даярдалган телеберүүнүн долбоорунан айырмасы жок, деген пикирин билдирди экс-спикер, оппозициялык маанайдагы саясатчы Өмүрбек Текебаев.
Белгилүү саясатчы Бекиш Ааматовдун айтымында, бийлик тарабынан уюштурулган саясий диалог элге пайдалуу маселени талкуулап ошондон бир бүтүмгө келиши керек эле. Тескерисинче учурда түзүлгөн саясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун сүйлөшүп жыйынтык чыгаруунун ордуна, оппозицияны элге жаманатты кылып көрсөтүү максатын көздөгөнсүп калды. Мурдагы бийлик тарабынан оор акыбалга кириптер болгон мамлекеттик башкаруу системасын президент Курманбек Бакиев саясий диалогдон кийин деле түшүнгөн жок.
Кечээги чогулуш бийлик тарап оппозициянын үнүн укпай эле басмырлап, Элге жамантты кылып көргөзүш максатында чогулган деп эсептейт элем.кс-президент Аскар Акаевден кийин мамлекеттик башкаруу ситемасы жарабагай калганын, өтө оор акыбалга дуушар болгонун президент Бакиев алигиче түшүнө элек экен. Анан келип, өзүнө жаккандай бирөө сүйлөсө ага макул. Ага жакпаган сөздөр сүйлөнсө аны басмырлаш, ал диалог эмес,-деди Бегиш Ааматов.
Кыргызстан демократиялык күчтөр биримдигинин тең төрагасы Бакыт Бешимов анын партиялаштары президент менен болгон саясий диалогко даярдыгы жок баргандыгына сын көз менен карады. Анын пикиринде, бийликке карата коюлган дооматтар фактынын негизинде ачык айтылып, конкреттүү маселелер сунушталышы керек эле.
-Эмне үчүн күнөөлөп аткан жетекчилерди телевизордон ачык эле айтпайт. Менимче саясатта биз ушундай эки жүздүүлүктөн кутулсак жакшы болот эле,- деп баса белгиледи Бакыт Бешимов.
«Арнамыс» партиясынын лидери Эмил Алиев партиялашы Бакыт Бешимовдун пикирине макул эмес. Ал диалогдун максатына жетпей калышын теле берүүнүн күн тартиби так аныкталбай калгандыгынан көрөт.
-Диалог болбой калганынын себеби, башынан күн тартиби так аныкталган жок. Оппозиция кайсы маселе экендигин билген жок. Бийлик төбөлдөрү менен жолугушуу болот экен деп барышкан. Көрсө тематикасы башкача экен,-дейт Эмил Алиев.
Кыргызстан Демократиялык күчтөр биримдигинин өкүлдөрү 29-апрелде өткөрүлүүчү саясий акциядан кайтпай тургандыктарын билдиришти. Анда кыргыз бийлигине Конституциялык реформаны чукул арада өткөрүү, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана бир катар талаптарды коюшмакчы.