Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

21-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Айрым тарыхый маалыматтарда бу күнү А.Л.Бубенов баштаган орус дипломатиялык миссиясы кыргыздын бугу уруусунун арасында жүрүштү, Ташкент шаарында Бүткүл түркстандык мусулмандарынын I курултайы ишин аяктады.

1827-жылдын бу күндөрү А.Л.Бубенов баштаган орус дипломатиялык миссиясы бугулар арасында жүрүштү. Алар бугулардын турмуш-тиричилиги, саясий абалы жана кыргыз урууларынын ичара мамилелери туурасында маалымат топтошкон. Мындан тышкары, дипмиссия Кашган көтөрүлүшү жөнүндө жана ага болгон кыргыздардын мамиле, маанайын сурамжылашкан.

1917-жылдын бу күнү Ташкент шаарында Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы ишин аяктады. Курултай мусулман буржуазиялык “Шуро и-исламия” уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп, анын ишине Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаев сыяктуу көрүнүктүү адамдар катышкан. Курултай Түркстандагы калктардын өзара мамилелерин аныктоодо жана кийинки Совет мезгилиндеги республикалардын уюшулушуна, алардын жетекчилерин белгилөөдө зор роль ойногон.

1947-жылдын 21-апрелинде СССР Министрлер Кеңеши Казакстандын Семипалатинск аймагында советтик атом бомбаларын сыноо аянтын куруу туурасындагы токтом кабыл алды. Сыноо аянты “Тоолуу станция, “2- сыноо полигону” деп аталган. Анын курулушу 1949-жылдын 26-июлунда бүткөрүлүп, мында 1990-жылдын 24-октябрына чейин 456 ядролук жана термоядролук куралдарды сыноо өткөрүлгөн. Адситердин айтымында, Семипалатинскидеги сыноолор жалаң эле Казакстанга эмес, Кыргызстанга да терс таасирин тийгизип турган.

1954-жылдын бу күнү Советтер Союзу ЮНЕСКОго мүчө болуп кабыл алынган. Анын алкагында Кыргызстанга да маданий жана тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча маанилүү иштер жасалган.

Тарыхый маалыматтарына караганда, бу күн Рим шаарынын курулуш датасы катары белгиленет. Уламыштарга ылайык, Рим шаары б.з.ч. 753-жылдын 21-апрелинде Ромул тарабынан негизделген.

Бу күнү – 1882-жылы айтылуу тарыхчы Б.Д.Греков; 18640жылы социолог Макс Вебер; 1735-жылы ойноп тапкыч И.Кулибин; 1926-жылы Улуубритания ханышасы Елизавета II жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG