Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

КӨЧӨ ЖЫЙЫН, ЖӨӨ ЖҮРҮШ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында бийлик менен оппозициянын диалогу, 29-апрелде өтүүчү чоң жыйын, «ХИПК» демилгесине Кыргызстандын кошулуусу же кошулбоосу жөнүндөгү талаш жөнүндө материалдар арбын жарыяланды.

Бийлик менен жарандык коом өкүлдөрүнүн 19-апрелде өткөн диалогу тууралуу жума күнкү гезиттердин дээрлик баары жазышты. Президент К.Бакиевдин жолугушууда сүйлөгөн сөзү «Саясатты экономикадан баштабайлыбы?» деген аталышта «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланды.

«Бир жыл мурун Бакиев кандай убада берген? Аткарылдыбы?» деген суроону жума күнкү «Агым» гезити койду. Басылманын кабарчысы Кенжебек Арыкбаев бийлик менен жарандык коом өкүлдөрүнүн телеайтышын «Көбүк диалог» деп сыпаттаган. «Албетте, ар кандай суроолор болду. Бирок ошонун баары ошол жерде гана сүйлөнгөн кыйкырык болуп, адаттагыдай эле ачык, так эч нерсе чечилген жок», деп жазат автор.

«Бишкек таймс» гезитинде Керим Турапов кийинки кездери жыйындардан жол тийбей, элге акча төлөп, бийликке иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей аткандар ошол эле «өкмөттүн өкүлдөрүнүн бири эле» дейт. Ушул эле басылмада парламент спикери Марат Султановдун маеги жарыяланган. Анда Кыргызстандын «ХИПК» программасына кириши тууралуу да кеп болгон. Эгер ага кошулса Кыргызстан 1 миллиард долларга жакын тышкы карызынан кутулат. «Ал программага айласы калбай калган жакыр өлкөлөр, жакырчылыктын деңгээли 60 – 70 пайыздан төмөн өлкөлөр кирет», дейт. Кыргызстанда кедейликтин деңгээли калктын 70% ашуунун камтыйт.

"29-апрель – 24-марттын уландысы", деп жазат жума күнкү «Кеңеш» гезити. "Эл убадалар аткарылышын күтүүдө", «Тынч митинг-жүрүш. Азырынча…» деген макаласында автор А.Сармамбетов

«Аалам» гезити Кыргызстандын тынчтыгы үчүн ар бир жаран жоопкерчиликтүү экенин эскерткен Самаган Орозалиевдин макаласын жарыялады. «Кесе эле айтып коюшум керек, 1 жүрүш эмес 100 жүрүш, митинг кылсаңар да мындай нерседен чарчаган элге аныңардын кереги жок», деп жазат автор.

Ушул эле гезиттеги Мирлан Дүйшөнбаевдин ырасташынча, «Акаевчилер шантажга, капитуляцияны талап кылганга өтүштү». Аны улай Бакай Чилтегин аттуу автор «Сырттан каржылангандар кимдердин заказдарын аткарышууда?» деген суроону коет.

Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу жума күнкү «Кыргыз руху» гезити гезити да кайрылды. Ал эми «МСН» гезитинин жаңы санында В.Тимирбаевдин «Кайыкты ким калкылдатып жатат?» деген макаласы жарыяланды. Калк каржалып турганда саясий оюндардын күнү тууп, ансыз да кыйын ахывалды дагы күчөтүп, көчө жүрүштөрүн байма-бай өткөрүүгө кимдер кызыкдар, деп суроо коет автор.
XS
SM
MD
LG