Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

ЖОН ДАЛИ: ГУАНТАНАМОДО АР КОШКОНДУН БААРЫ БАР


АКШдагы соттун талабынан улам Пентагон Кубадагы Гуантанамо базасында абакта отурган шектүү террористтердин тизмесин жарыялады. 558 адамдын ысымы кирген ал тизмеге ылайык, Гуантанамодогу туткундардын эң көбү Сауд Арапстан, Ооганстан жана Йемендин жарандары экен. Бул тизменин тегерегинде терроризм боюнча АКШлык эксперт Жон Дали “Азаттыкка” аңгеме куруп берген.

Вашингтондук эксперт Жон Дали АКШнын Гуантанамодогу аскердик абагынын тегерегинде соңку жылдары изилдөө жүргүзүп, бир нече кеңири макала жарыялаган. Ошентсе да, ал Пентагон жаңыдан жарыялаган тизмеде айрым таң калычтуу фактыларга туш болгонун айтат. Эң ириде – АКШлык аскер башчылар алгачкы ирет 2001-жылкы 11-сентябрдагы теракттарга катышууга камданган деп шектелген Саудилик Мухамад ал-Кантани Гуантанамодогу абакта отурганын ырастады, - деп баштайт сөзүн Дали мырза.

- Менин изилдөөлөрүм ал жерде отурган адамдар кайсыл өлкөдөн экенин болжол менен туура эле аныктаган экен. Бирок ал жерде ливиялык 9 киши, бир азербайжан, ирандык, эфиопиялык бар экенин көрүп таң калдым. Калгандары негизинен мен ойлогондой эле болуп чыкты.


Гуантанамодо отургандар арасында Борбор Азиялыктар бар экени сиз үчүн күтүүсүз болгон жокпу? – деген суроого Вашингтондук эксперт төмөнкүдөй жооп узаткан.

- Мурдагы Советтер Союзу боюнча адис катары, мен мындан бир нече жыл мурдараак эле Гуантанамодогу абакта 11 тажик, беш өзбек, 3 казак жараны бар экенин кызыгуу менен байкагам. Тажикстандык бешөө бошотулуп, ал жерде азыр алтоо калган экен. Андан тышкары мен билгенден Казакстандын элчилиги буга чейин Пентагонго кайрылып, абакта отурган жарандары Ооганстанда гуманитардык иш менен алектенип жүрүп, кокустан кармалган деп кайталап келатат.

Терроризм боюнча эксперт Жон Дали андан аркы сөзүндө Өзбекстандын бийликтери Гуантанамодогу абакта отурган жарандарын кайтарып алууга аракеттенгенин укканын айтат.

- Мен Ташкендеги коопсуздук кызматтарынан алган маалымат боюнча, өзбек бийликтери өз чек арасынан тышкары жүргөн согушкерлер туурасында толук кабардар.

Март айында Пентагон жарыялаган тизмеге 517 киши кирген эле, эмки тизмеге дагы 41 адамдын ысымы кошулган. Экперт Дэли Гуантанамодо отургандардын саны ар кандай себептерден улам өзгөрүп турат деген ойдо.

- Ал жердеги кишилердин агымы өзгөрүп турат, биздин изилдөөлөр көргөзгөндөй, Буштун администрациясы айрыкча Гуантанамодон кытайлык уйгурларды бошотууга аракет көрүп келатат. Бирок Вашингтон адегенде бул кытайлык уйгурларды кабыл ала турган өлкөнү да табышы керек, ошондуктан тизме дайыма бирдей болбойт.

Баарынан башкысы – Гуантанамодогу абакта отургандардын баары чындап эле террордук аракетке аралашкандарбы? – деген суроого бул маселени бир нече жылдан бери изилдеп келаткан эксперт Дали төмөнкүдөй жооп узаткан.

- Бир жагынан, АКШнын коргоо министри Рамсфелддин сөзү менен айтканда, ал жерде ар кай тараптын начарларынын да эң начары чогулган. Ошол эле маалда туткундардын адвокаттары Гуантанамодо камалып отургандардын үчтөн экиси согуштун эпкини менен кокустан эркинен ажырап калганын айтышат. Уруш жүрүп жатканда айрым адамдар акча табыш үчүн бирөөлөрдү бөөдө жерден каралап, террорчу деп колго салып берген учурлар да болгон. Туура, же натуура жерден кармалган адамдар акыры Кубадагы абакта камалып отурганын аңдашкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG