Бүгүн Талас шаарында, тагырак айтсак, облустун администрациясынын алдында 8 миңге жакын адам катышкан тынчтык митинг болуп өттү. Бирок жергиликтүү бийликтин өкүлү, Талас облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Байымбет Мураталиев эмнегедир бул санды азайтып айтты.
Митинг саат 12де башталды. Анда Жерүй алтын кенинин айланасындагы маселе башкы орунга чыкты. Бул боюнча Жерүй алтын кен комбинатынын инженери Бакыт Сейталиев, Кыргызстандагы тоо кен геологиялык ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев, жумушчулар Улукбек Осмонов, Мирбек Ырсалиев жана башкалар чыгып сүйлөштү. Алар экономикалык талаптарды коюшууда: Жерүй алтын кенине экономикалык элдик көзөмөл жүргүзүү, жумушчуларды иш менен камсыз кылуу керек.
Саясий көрнөктөр да илинип турду. Алардын айрымдарын атап кетсек: “Элдик революция коррупцияга жем болду!”, “Бакиевдин кадр саясатына нааразыбыз!”, “Мыйзамы иштебеген өлкөнү каракчылар башкарат!” ж.б. ушул сыяктуу.
Митигге катышкан Кыргыз эл депутаттары Кабай Карабеков, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Текебаев, Кубат Байболов, Дооронбек Садырбаев, Темир Сариев, Болот Шерниязов, белгилүү саясатчы Роза Отунбаева Кыргызстандын саясий турмушундагы бүгүнкү болуп аткан окуялар жөнүндө маалымат берип, өздөрүнүн иштери менен тааныштырышты. Митингдин катышуучулары 29-апрелде Бишкекте өтө турган тынчтык митингисине катышууга Таластан өкүлдөрдү жиберүү үчүн бир добуштан чечим кабыл алышты.
“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын Талас аймагы боюнча директору Арзыкан Момунбаева:
- Талаптардын негизи мурдагы көйгөйгөйгө тийип жүргөн маселелер. Экологиянын тазалыгын сактоо, мыйзамдардын иштөөсү, жумушу жок калган жумушчуларга убагында иш таап берүү, өкмөт убада берген, аларга айлык төлөп берүү өңдүү эң бир олуттуу маселелер каралды.
Митингге катышкан ЖКнын депутаты Темир Сариев буларды билдирди:
- Биринчиден, 29-апрелде өтө турган Бишкектеги митингдин учкуну Таластан башталды. Бул 8-апрелде болгон митингдин уландысы. Талас эли өзүнүн өкүлчүлүктөрүн шайлады, бир добуштан биздин койгон талаптарды колдоп, дагы бир сунушту айтышты. Дагы Жерүй алтын кени боюнча ачык, айкын тендер өткөрүп, ошонун негизинде элге кызмат кыла турган, пайдасы тийе турган ишкана болсун деп талаптарын коюшту. Алар өзүнүн өкүлчүлүктөрүн Бишкекке жөнөтмөй болушту.