Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ АКСЫ РАЙОНУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ


22-апрелде президент Курманбек Бакиев Аксы районуна барып, 2002-жылы милициянын огунан жөө жүрүшчүлөр курман болгон Бозпиек аттуу жерде эл менен жолугушту. Жолугушууда райондун социалдык-экономикалык жагдайлары менен бирге Аксы окуясына күнөөкөр адамдарды жазага тартуу маселеси да талкууланды. Өлкө башчысы Бешбатман каналынын кайра оңдоо иштерин көрүп, Кашкасуу айыл өкмөтүндө жергиликтүү калк менен да баарлашты. Президенттин жумушчу сапары кеч бешимде Алабука районунда аяктай турган болду.

Шейит кеткен жигиттердин эстелигинин жанында алардын ата-энелери Аксы окуясына күнөөкөр адамдардын табылбай жаткандыгына нааразы болушту. Агасынан айрылган Нуржайна Үркүнбаева чечкиндүү аракет жасалбагандыгын сындап өттү:

- Андан бери Конгантиевдин иштегенине 7 ай болду. Бүтөйүн деген ишти аягына чыгарып койсо болот эле. Кечээ диалогдо аны коргогондой болдуңуз, биз ошого капа болдук. Конгантиев өзү жооп бериш керек эле. Ошол ишти аягына чыгарып берсе .

Окуя учурунда жараат алып курман болгондорго өкмөт эсебинен 13,3 млн. сом кун төлөнгөн. Аксы районуна чоң жардам берилип жаткандыгын белгилеген Президент Курманбек Бакиев алдыда адилет коом куруу жана экономиканы өнүктүрүү милдеттери тургандыгын айтып, Аксы окуясы боюнча ишти көзөмөлгө аларын билдирди:

- Бизде бир максат - адилет коом куруу, экономиканы өнүктүрүү, ар бир үйдө береке, ар бир адам маанайы жаркын болуп, бактылуу жашашына шарт түзүү. Күнөөлүлөрдү териштирүү маселеси калды. Бул менин көзөмөлүмдө болот..

Бакиевдин айтымында, айрым саясатчылар азыркы бийликтин негизги багытына жолтоо болууда:

- Ар кандай нерсеге алаксытып, өзүңөр көрүп, угуп атасыздар, ушулар да тоскоол болуп атат.

Жер көчкүлүү Жылгын айылында мектеп жараксыз, кырсыктуу айылдарда жашаган 60 үй-бүлөгө насыя акча берилген жок. Турак жай, жол, эгин талаа жана сугат суулары, техника, үрөн, жер семирткич тартыш экендигин айткан Азамат Жуматаев азыркы бийликте Аскар Акаевдин доорунда иштегендердин али да жүргөңдөрүнө менен макул эмес:

- Революциядан мурун Акаевдин кызматта иштеген адамдары, совхоз, колхозду жеген адамдар дагы эле кызматта жүрүп атат. Ушуну териштирип, контролдогон киши жок болуп атат.

Жергиликтүү тургун Касымбек Сабырбеков Дерес айылындагылар электр жарыгы үчүн Өзбекстанга көз каранды экендигин айтты:

- Совхоз тарап аткан мезгилден бери эле электр жарыгын Өзбекстандан алабыз. 35 киловат линияга проект болуп, чечип бергенде өзбектерге көз каранды болбой калат элек.

Маянанын аздыгынан жаштар менен бирге дарыгерлер, мугалимдер дагы Орусияга кетишүүдө. Каражыгач айылында оорукана жок. Мусаева Исабат пенсиянын аздыгына нааразы.

Президент Курманбек Бакиев кайра оңдолгон Бешбатман каналын көрүп чыгып, Кашкасуу айылындагы жана Алабука районундагы калк менен да жолугушту. Бешбатман каналы Дүйнөлүк банктын каржылоосунда кайра оңдолгон, анын узундугу 23 чакырым.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG