Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Топчубек Тургуналиев экс-президент Аскар Акаев менен соттошот


Бишкек. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин экс-президент Аскар Акаевге болгон доо арызы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу аталган партиядан «Азаттыкка» 22-апрелде билдиришти. Буга чейин, апрель айынын башында Топчубек Тургуналиев 10 жыл ичи аны негизсиз саясий куугунтуктагандыгы үчүн Аскар Акаевден 100 млн сом өлчөмүндө айып пул өндүрүп берүүнү өтүнүп, сотко кайрылган. Ал эми өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү экс-президент Акаевдин учурунда саясий куугунтуктоо болгон эмес деген көз карашта.

XS
SM
MD
LG