Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

НЕПАЛДА ПОЛИЦИЯ ДЕМОНСТРАНТТАРГА ОК АЧТЫ


Жаныл Жусубжан, Прага Коменданттык саатка карабастан, миңдеген демонстранттар агылып келип жаткан Катмандуда кайрадан тополоң чыкты. Полиция ок ачып, жапа чеккендер бар экендиги кабарланууда.

Күбөлөр жана дарыгерлер полициянын кол салуусунан ондогон киши, анын ичинде айрымдары ок жеп жараат алгандыгын билдиришүүдө. Чабуул полиция падышанын ак сарайын жана өкмөттүк имараттарды курчап турган жерде айрыкча катуу болду. Кечээ Непалдын падышасы Гианендра көп партиялуу демократияны калыбына келтирип жаткандыгын жарыялап, жети партиядан турган оппозиция биримдигин өкмөт башчысын сунуш этүүгө чакырган эле:

-Биз ушул жарыябыз аркылуу, биздин карообузда болгон Непал падышачылыгында аткаруу бийлигин элге кайтарууну жана бийликти Непал Падышачылыгынын 1990-жылы кабыл алынган конституциясынын 35-беренесине ылайык ишке ашырылышын буйрук кылабыз.

Бирок оппозициядагы партиялар падышанын сунушун четке кагып, нааразылык акцияларын улантышаарын жарыялашты. Оппозиция биримдигинин улук мүчөлөрүнүн бири, мурдагы өкмөт башчысы Прасад Койрала падышанын сунушу курулай сөз деп эсептейт. 14 кишинин өмүрү кыйылган жарым айдан берки демонстрацияларда оппозиция элдин кеңири колдоосуна ээ болду. Ал эми коопсуздук күчтөрүнүн кол салуусу демонстранттарды коркутпастан, тескерисинче, шердентип жаткандыгы байкалат.

Байкоочулардын айтымында, демократиячыл кыймыл тез арада монархияны жок кылууну талап кылган күчкө айланды. Буга караганда, падыша Гианендранын кечээки жарыясы бир аз кечигип калды сыяктанат.

XS
SM
MD
LG