Куршаб округдук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечки саат төрткө карата добуш берген шайлоочулардын саны 32 пайызды түздү. Эске сала кетүүчү жагдай өткөндө № 39 Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Санжар Кадыралиев 39 пайыздан ашуун, ал эми Мамат Орозбаев 25 пайыздан ашуун добуш менен атаандаштарынан алдыга озуп чыгышып, шайлоонун экинчи айлампасына калышкан эле. Бул жолку добуш берүүдө шайлоочулардын тизмесин тактоо, бюллетень берүү маселелеринде бир катар баш аламандыктар пайда болду. № 38- участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн иш аркетиндеги мыйзам бузуулар тууралуу көз каранды эмес байкоочу Шайырбүбү Бабатаева буларды билдирди:
-Тизмеси жок адамга ушул Мырзакулова Манзура келип алып, жашабаган адамдарды өткөрүп, бюллетень берип жатат. Мына азыр кармалды. Акмаржанова Ашынакан.
Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан имараттардын алдында дене бою алибеттүү жигиттер көп жүрүштү жана чет эл маркасындагы Бишкек шаарына таандык мамлекеттик номерлүү автоунаалар көп каттап турду. Бул боюнча коомдук тартип сакчылары түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты. Анткен менен № 39-Үчдөбө участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлханиза Кеңешова белгисиз адамдар тараптан комиссия мүчөлөрүн коркутуп, үркүтүү орун алып жаткандыгын билдирди:
-Кирген адамдарды карабай эле бул сенин адамың, бул менин адамым деп эле байкоочулардын ортосунда жөлөшүү болуп кетти. Басым болуп жатат комиссияларга. Бул жерде олтурган комиссиянын баардыгы кылмышкерлер сыяктуу. Мындай болбойт да. Азыр бардыгын карап, көрүп отуруп эле экиден бюллетень бери коюп жатасыңар дейт. Экиден бере албайбыз, биз бул жерде жооптуубуз да.
Шайлоонун бул айлампасынын өткөндөгүдөн айырмасы, шайлоочулардын активдүүлүгү бир кыйла көтөрүлгөндүгү байкалат.
Кубанычбек Жолдошов, Өзгөн