Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

24-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1952-жылы СССР Министрлер Кеңеши “Кыргыз ССринин мал чарбасын өнүктүрүү” токтомун кабыл алган. Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чек арасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюлган.

1876-жылы кыргыздар орус бийлигине каршы чыгышып, Абдылдабек баштаган Валихан төрө , Сулайман-удайчилер 1500 жигит менен Гүлчөдөн 25 чакырым узактыктагы Жаңырык капчыгайындагы ашууну ээлеп алышкан. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын туйган генерал М. Д. Скобелев козголоңду басыш үчүн 1876-жылдын 24-апрелинде аскер баштап Гүлчөгө жөнөгөн.

1952-жылы СССР Министрлер кеңеши “Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү” токтомун кабыл алган. Мындан тышкары “Кыргыз ССРинин айыл чарбасына жардам көрсөтүү” деп аталган токтомго ылайык, республикада сарай, кашарлар курулуп, жер иштетүү үчүн 13 МТС уюшулган жана колхоз чарбалары техникалар менен жабдыла баштаган.

1997-жылдын бул күнү Москва шаарында Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан президенттери Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев, Эмомали Рахманов жана Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цземинь Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чек арасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшту. Мындан тышкары, келишимде беш өлкөнүн бири -бирине кол салбоо кепилдиги каралган.

2003-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны “Мунапыс тууралуу” мыйзам кабыл алган. Мыйзам Кыргыз Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгына арналып, ага ылайык 786 адам түрмөдөн бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылган.

Бул күн жаштар биримдигинин Эл аралык күнү катары белгиленет. Майрамдын максаты жаштар проблемасына мамлекеттик органдар менен коомчулук жана маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурууга багытталган.

24-апрель астрономдордун Эл аралык күнү катары белгиленет.

Бул күндү байыркы вавилондуктар жаңы жыл майрамы катары тосушкан.
1704-жылдын бул күнү Америкада “Бостон Ньюс Леттер” аталыштагы биринчи мезгилдүү басылма гезит жарык көргөн.
XS
SM
MD
LG