Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

БАКИЕВДИН РОССИЯГА РАСМИЙ САПАРЫ БАШТАЛДЫ


БИШКЕК. Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Орусияга расмий иш сапары башталды. Кыргыз президенти Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Владимир Путин Москва эки тарап үчүн тең пайдалуу кызматташтыкты бааларын айтса, Курманбек Бакиев эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу дайыма өз жемишин берип келгенин белгиледи. Кыргыз президенти эки күндүк иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Орусия ортосундагы өз ара саясий мамилелер, соода-экономикалык кызматташтык, маданий байланыштар боюнча премьер-министр Михаил Фрадков баштаган расмий адамдар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG