Май айынан тартып, Ооган жериндеги НАТО башындагы 10 миң аскерге британиялык генерал командачылык кыла баштайт.Анын алдында Британиянын коргоо министри Жон Рейд жагдай менен таанышуу үчүн Ооганстанга келди. Ал жекшемби күнү кабылда сүйлөп, британ аскерлери Хамид Карзайдын өкмөтүнө жардамдашуусун уланта берээрин билдирди:
-Биз демократиялуу жол менен шайланган президент Карзайдын өкмөтү менен колмо-кол иштешкени келгенде, силерге күнкорсуз өлкөңөрдү контролдоого, экономиканы жана коопсуздук күчтөрүн курууга жардамдашайлы дегенбиз. Биз дүйнөнү коопсуз кылуу менен өз жарандарыбызды коргойбуз. Мындан эки жакка тең пайда.
Азыр президент Карзайдын өкмөтүнө каршы күчтөр дале күчтүү. Жекшемби күнү түштүктөгү Кандагар провинциясында талиптер деп шектелген куралдуу топ курулуш компаниясына чабуул коюп, күзөтчү окко учту. 14 автомобиль талкаланды. Ишемби күнү Урузган-Кандагар кан жолундаг ушундай кол салууда канадалык төрт жоокер курман болгон. Ал эми Кабылдын түштүгүндөгү Газни провинциясында жекшемби күнү болгон аткылашууда талиптердин үч жоокери жана Ооган полициясынын бир кызматкери катардан чыкты.
Жон Рейд Кабылда жасаган билдирүүсүндө коопсуздук жеңил келбесин, айрым учурда адамдардын өмүрү курмандыкка чалынаарын айтып, маалымат каражаттарындагы “Британия Ооганстанга кошумча дагы 600 аскер жөнөтүүнү сурады” деген кабарды калпка чыгарды. Ал НАТО башындагы тынчтык күчтөрүн согушчандардын сары изине чөп салып, аларды күндөп-түндөп издеп жүргөн АКШ жетектеген аскерлер менен чаташтырбоону өтүндү:
-Террорчулукка каршы багытталган Туруктуу эркиндик операциясы террорчуларга каршы миссия жана аны америкалыктар жетектейт. Өлкөнүн түштүгүндө британиялыктар курамындагы экинчи да миссия бар. Көп улуттуу күчтөрдөн турган бул миссиянын вазийпасы Ооганстанды кайра куруу, ооган өкмөтүнө жана жарандык агенттиктерге экономиканы, демократиялык өкмөттү жана коопсуздук күчтөрүн түзүүдө жардамдашуу.
Азыр Ооганстандын түштүгүндө британиялык 3 миң аскер бар.