Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

ЧЕРНОБЫЛЬ КЫРСЫГЫНА 20 ЖЫЛ


Чернобыль кырсыгына эртең 20 жыл болот. Дүйнө коомчулугун алааматтын өзү гана эмес советтик бйиликтин кырсыкты жаап-жашырганы өзгөчө камтамага салган. Окуядан 1 жыл мурун эле коммунисттик партиянын баш катчысы Михаил Горбачев айкындык стратегиясын жарыялаган эле. Бирок атомдук станциядагы трагедия Кремлдин ачык саясатка даяр эместигин далилдеди. Айрым байкоочулар болсо эларалык коомчулуктун сынына кабылган советтик лидерлик ички өзгөрүүлөрдү баштап, алар акыр-аягында СССРдин ойроң болушуна алып келди деген пикирде.

Чернобыль атомдук станциясында кырсык болду. Реакторлордун бири жабыркады. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө. Жабыркагандарга жардам көргөзүлүп жатат. Өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Борбордук телевидениеден 1986-жылдын 28-апрелинде берилген бул кургак кабарды көпчүлүгүңөр уксаңар керек. Кырсыктын чоо-жайы советтик элдер үчүн табышмак бойдон кала берген кезде, Европаны 3-реактордогу жарылуудан пайда болгон радиоактивдүү булут каптап калган.

Алааматтын масштабтары, курмандыктар, экономикалык зыян жөнүндө ал кезде бир да сөз айтылган эмес.

Чернобыль станциясынын жанында орун алган Припят шаарында турмуш кадимкидей эле уланып жатты. Кичинекей бөбөктөр кум менен ойноп, чоңдор жумушка барып, дүкөндөр соода кылып, кыскасы, бардыгы кырсыкка чейинкидей эле.

Ал кезде алааматтын аркасы кандай коркунучтуу натыйжаларга алып келээрин катардагы адамдар ойлогон да эмес.

Анткени менен, Кремлдин саясатында мурдагыга салыштырмалуу өзгөрүүлөр пайда болду.
Расмий маалымат тараары менен совет өкмөтү Батыш мамлекеттерин кырсык жөнүндө кабардар кылып турду. Мындай көрүнүштү мурун элестетүү да кыйын эле.

Беларуссиялык жазуучу Светлана Алексеевич Чернобыль жөнүндөгү китептин автору. Анын пикиринде трагедия советтик бйилик үчүн бурулуш учур болуп калды. Кырсыктарды жаап-жашыруу – советтик системанын адаты болчу. Андыктан Горбачев башында башкалардай эле беймаалым болсо керек:

Станция өрттөнүп жаткан кезде Горбачевко кабарлашат. Ал өлкөнүн ядролук физика боюнча эң мыкты адистерин Чернобылге жиберди. Алар деле эмне болгонун түшүнүшкөн жок. Мен Горбачевтун: “Эмне кылалы? Атомдук бомбаларды сыноого катышкан армиянын генералдарынан сурасам, эч нерсе эмес, - деп жооп беришти. Алар мага: кызыл шараптан ичип койсоңор, жакшы болуп каласыңар дешти”, - деп жооп бергенин уккам.

Горбачев Чернобылдан кийин дагы көпкө советтик риторикадан баш тартпаганы менен, Советтер Союзунун бүгүнкү дүйнөнүн көйгөйлөрүн жалгыз чече албастыгы ал үчүн анык болуп калды. Демек, айкындык, ачыктык саясатына карай багыт туура деген ишеним бекемдеди.

XS
SM
MD
LG