Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

ОСАМА БЕН ЛАДЕНГЕ ТААНДЫК ДЕЛГЕН ЖАҢЫ ҮН ТАСМА


“Ал-Жазира” сыналгы каналы Осама бен Ладенге таандык деп жоромолдонгон үн жазылган жаңы тасманы уктурду. Тасмада “Ал-Кайида” террордук тармагынын башчысы Африканын түндүгүндөгү Судан өлкөсүнүн Дарфур аймагындагы кризисти жана Палестин аймагында бийликке келген “Хамас” кыймылынын Батыш тарабынан эл аралык бөлүндүдө калтырылып жатышын өзгөчө белгилеп, бул окуялар Батыштын исламга каршы согушунун далили деген оюн билдирген.

Жекшембиде (апрелдин 23үндө) уктурулган бул үн тасма тууралуу америкалык адистер да өз пикирин айтып, анда чын эле Осама бен Ладендин үнү жазылган деп чыгышты.

Соңку үн тасма – үстүбүздөгү жылы Осама бен Ладен жолдогон экинчи кат болуп саналат. Бул кайрылуу Осама бен Ладен дүйнөдөгү соңку окуялардан кабардар экенин айгинелейт.

Тасмада Осама бен Ладен араб жана мусулман дүйнөсүндө соңку учурларда байма-бай сөзгө алынып жаткан бир катар маселелерди козгойт. Алардын арасында Мукамбет пайгамбарды келекелеген карикатура, Судандын Дарфур аймагындагы жаңжалдуу кырдаал сыяктуу маселелер бар.

Үч ай илгерки сөзүндө Осама бен Ладен Батыш менен “ал-Кайида” тынчтыкка жетишиши ыктымал деген пикирин билдирсе, бул жолу ал катаал маанайда кайрылуу жасады.

Сотко өз далилин тааныштырып жаткан прокурордун турумуна окшош өкүмчүл сүйлөгөн бен Ладен Батышты мусулман дүйнөсүнө каршы согуш аракетин жүргүзүп жатат деп айыптады.

Маселен, “ал-Кайиданын” жетекчиси Европа өлкөлөрү менен АКШнын Палестинада шайлоодо жеңишке жетишкен “Хамас” кыймылынын өкмөтүнө экономикалык бойкот жасоо кадамын кескин сынга алды:

- Мындан айгинеленгендей, “Хамас” кыймылы шайлоодо жеңип чыккан соң, аны жеригендиктери согуш эмей эмне! Мунун өзү шайык Айман аз-Завахри баса белгилеген нерсенин туура экенин көрсөтөт. Бул – каапырлардын жыйындарына кошулуунун өзү күнөө экендиги. Алардын “Хамас” кыймылын четке кагышы – алардын иш-аракети “чырымчылар менен сионисттердин” мусулмандарга каршы согуш жүргүзүп жатканын тастыктайт.

Осама бен Ладендин оюнча, жалаң гана Батыш өкмөттөрү эмес, бул мамлекеттерде жашаган калайык да бул согуш үчүн жоопкер. Себеби алар бул согушту каржылоого макул болуп, өз уулдарын согушка жөнөтүп жатышат, дейт “ал-Кайиданын” жетекчиси.

Ал эми Мукамбет пайгамбардын карикатурасын тарткандар болсо, бен Ладендин оюнча, “сазайын окутуу үчүн ал-Кайиданын” колуна тапшырылышы керек.

2003-жылдан бери 180 миңдей киши набыт болгон Дарфур аймагы тууралуу да кайрылып, бен Ладен бул аймактагы этностор аралык кагылышууну токтотуу үчүн эл аралык бейпилдик күчтөрүн Түштүк Суданга киргизүү керек деген БУУнун Коопсуздук кеңешинин АКШ, Британия сыяктуу мүчө өлкөлөрүнүн сунушун сынга алат. Анын оюнча, бул дагы Батыш дүйнөсүнүн эгемен мусулман өлкөсүн басып алуу аракетине жатат.

Осама бен Ладен бир кездери Суданда да баш пааналап жүргөн, бирок америкалыктардын Судан өкмөтүнө жасаган кысымынан соң, бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ошондон бери ал алгачкы жолу Суданды сөзгө алып отурат.

Осама бен Ладен өз тарапкерлерин Суданга келип, мусулман өкмөтүн курал менен колдоого чакырды. Бирок Судан өкмөтү буга дароо жооп кайтарып, бен Ладендин “бир туугандык” делген сунушун четке какты.

Судан тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Жамал Мухаммад Ибрагимдин сөзүнчө, өлкө эл аралык коомчулукка каршы эч кандай согуш жүргүзбөйт.

Осама бен Ладендин үнү жазылды деп жоромолдонгон тасма АКШда да кызуу талаш жаратты. Президент Жорж Буштун тышкы саясатын сындап жүргөн демократтардын бир даары Буштун өкмөтүн дагы бир жолу сынга алып, Ак Үй көбүрөөк Иракка чырмалып калып, эмдигиче Осама бен Ладенди кармоого, анын “ал-Кайида” террордук тармагын ойрон кылууга дурус көңүл бурбай жатат, деп чыгышты. Ак Үй болсо бул айыптоолорду четке какты.

Учурда Осама бен Ладен Ооганстан менен Пакистандын чегиндеги тоолуу аймакта жашырынып жүрөт деп жоромолдонуп келет.


(Сүрөттө - Осама бен Ладендин видео тасмасынан бир көрүнүш. 2004-жылдын 30-октябры. Архивден).

XS
SM
MD
LG