Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

ОРУСИЯ – КЫРГЫЗСТАН : СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК МАМИЛЕЛЕР ЧЫҢДАЛАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Кремлде Кыргызстан менен Орусиянын президенттери сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен билдирүү жасашты. Курманбек Бакиев менен Владимир Путин стратегиялык өнөктөштүк мамилени жактай тургандыктарын күбөлөштү жана эки өлкө ортосунда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө оң жылыш болорун жарыялашты. Ошону менен катар кызматташуунун көлөмү дагы да арта тургандыгын баса белгилешти.

- Биздин мамилелер бир эле саясатта өнүкпөстөн, экономикада да көзгө урунарлык алга жылыштар болду. Товардын чуркашы артып барат. Жалпысынан ал жарым миллиард доллар өлчөмүнө жетти. Былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 41 пайызга өстү, - деп белгиледи Путин.

-Былтыр Орусия менен Кыргызстандын арасында товардын чуркоосу кийинки жылдары болуп көрбөгөн деңгээлге жетти, - деп айтты Президент Бакиев ага жооп иретинде. – Кызматташууну биз бир эле өкүмөттөр арасында эмес региондор менен да түзөлүк деп чечтик.

Путин Биргелешкен коопсуздук келишими уюмунун Борбор Азия багытындагы аскер күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгү катары Кыргызстандагы орусиялык аскерий базаны атады:

-Биздин алаканын өнүгүшүндөгү өзгөчө биринчи маанидеги маселелердин бири Канттагы аскерий базанын курулуп бүтүшү. Биз анын такоолдук каражатын арттырууга кызыктарбыз, - деди Орусиянын президенти.

Мындай ойго Кыргызстандын президенти кошула тургандыгын айтты:

-Орусиялык базанын Кантта жайгашышы бир эле Кыргызстан эмес бүтүндөй Борборазиялык аймакта туруктуу абалды жана коопсуздукту камсыз кылат, - деди Бакиев мырза.

Кыргыз-орусиялык жогорку жолугушуу маалында болгон кепте алдыңкы орунга экономика маселеси чыкканын анализчилер белгилешет. Жумушчу орун ачууга жетише албай айткан кыргызстандык жетекчиликке мындай маанай майдай жакты дешет. Эмне дегенде, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жарачу, бирок көтөрүм болуп көп жылдары сай-сайда жаткан такоолдорун орусиялык мамлекеттик «Газпром», «Орусиянын бирдиктүү электр энергиясы» сыяктуу ири компаниялары колдоого алып тирдентиши мүмкүн дешет. Бирок, андай колдоонун болушу азыркы бийликтин орусиялык инвестия кошо тургандар үчүн паракорчулук менен кылмыштуулуктан жол тазалап бере алышына жараша болорун анализчи Аркадай Дубнов айтат:

-Бул бийликте деле мурдагы бийликтикиндей коррупцияга матуу абдан күч. Эгерде Бакиев менен анын жетекчилиги андан тазалана алса, бул дымактан бир неме чыгышы мүмкүн, - дейт Дубнов.

Кремлге барган журналисттер арасында болсо Кыргызстанда жакында өткөнү аткан көчөгө чыгуу акциясы жөнүндө кеп болуп атты. Манас аба майданында жайгашкан америкалык аскерий күчтөрдүн ижара акысы, Бишкек койгон талаптан улам, 70 эсеге көбөйтүлүп жаткандыгы тууралуу сөздөр козголду. Мына ушунун баары, адистердин баамында, Кыргызстанды өз кызыкчылыгына бурууга Орусия үчүн ыгы келип турган шарт дешет.

Президент Путиндин жылуу кабылдоосунда болгондон кийин Кыргызстандын делегациясы Мамдума жетекчиси Грызлов менен, андан соң өкүмөт жетекчиси Михаил Фрадков, экономика жана соода министри, «Газпром» башчысы, «Орусиянын бирдиктүү энергетика тармагынын» жетекчилери менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG