Аксы окуясынан кийин кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы бир адамга, ошол кездеги президент Аскар Акаевге ыңгайлаштырылып жазылгандыгы кезинде белгиленген. Ошондуктан март ыңкылабы учурунда жаңы Конституцияны кабыл алуу маселеси көтөрүлгөн. Ыңкылаптан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев бул маселени экинчи планга калтырганда, атаандашы, Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешме түзүп, долбоор иштеп чыгууга аракет жасаган.
Аракет негизинен майнапсыз аяктаганы белгилүү. Бирок Конституциялык реформа маселеси учурда күн тартибине кайрадан коюлуп, ал саясий күрөштүн негизги куралдарынын бирине айланууда.
Президент Курманбек Бакиев күзгө белгилене турган референдумда эл өлкөнүн бийлик системасы боюнча өз тандоосун жасагандан кийин жаңы Конституция жазылыш керек деген пикирде болууда. Ал эми Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Темир Сариев башында турган оппозициялык тарап конституциялык реформа тезинен парламент аркылуу жасалыш керек деген пикирде.
Ошентип, эки тарап Конституциялык реформаны жасоо ыкмасы боюнча эки ача кетүүдө. Тараптар ал эле эмес өлкөнүн келечектеги бийлик системасы боюнча, тактап айтканда, Кыргызстанга парламенттик бийлик системасы керекпи, же президенттикпи, же азыркы системаны өркүндөтүп, президент менен премьер-министрдин ыйгарым-укуктарын так бөлүштүрүү менен чектелген оңбу деген суроо боюнча да бир жактуу пикирде эмес. Президент бул маселени жогоруда белгиленгендей эл аркылуу чечүүнү көздөөдө.
Ал эми оппозиция өкүлү Темир Сариев биз баарын канааттандырган конституциянын долбоорун сунуштайбыз дейт:
Бийлик системасы боюнча айтканда, биз бирдиктүү бир долбоорду алып чыгышыбыз керек. Аны талкуунун натыйжасында жасашыбыз керек.
Ал эми «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова бул орчундуу маселе боюнча мындай пикирин билдирди:
Менин оюмча, бийлик системасы сыяктуу орчундуу маселе жалпы элдик референдумда чечилүүгө тийиш. Кээ бирөөлөр элдин буга акылы жетпейт, ошондуктан аны парламент чечүүгө тийиш керек деген пикирде болууда. Бирок, мен мындай чоң масштабтагы жана орчундуу маселе эл тарабынан чечилиш керек деген пикирдемин. Кандай болгондо да биздин мамлекет 2010-жылдан тарта парламентик бийлик системасында жашай баштаса туура болот деген ойдомун.
Оппозициялык маанайдагы саясатчылардын бири болгон Болот Байкожоев конституциялык реформа Жогорку Кеңеш аркылуу жасалып, президенттин ыйгарым-укуктары чектелип, ал бийлик бутактарынын арбитрине айланууга тийш дейт.
Эгерде бийлик системасында мына ушундай өзгөрүүлөр болсо, анда өлкө жаңыдан жалпы шайлоого барууга мажбур болору маалым. Анткени президент азыркы конституция менен шайланган жана анда ага кеңири ыйгарым-укуктар берилген. Анын ыйгарым-укуктары чектелсе, анда парламент, өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Демек бийлик бутактарында ыйгарым-укуктардын кайрадан бөлүштүрүлүүсү ишке ашат. Мындай шартта легитимдүүлүк маселеси козголуп,жаңы шайлоо талап кылынбай койбойт.