Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

МЫСЫРДЫН ДАХАБ ЖЕРГЕСИНДЕГИ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ


Дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт менен кечки саат 7:15те Кызыл деңиздин жээгиндеги Дахаб курорт шаарында үч ирет жардыруу болду. Мысырдын бул курорт шаарынын Масбат деп аталган бөлүгү туристтерге жыш аймак катары маалым. Жардыруудан бери дегенде 23 киши набыт болгону кабардалууда. Бул террордук чабуулду эл аралык коомчулук терең айыптоодо.

Кабарларга караганда, өлгөн 23 кишинин арасында бери дегенде үч чет өлкөлүк бар. Андан тышкары 70тей киши ар кыл жаракат алганы кабардалды.

Мысырдын Дахаб курорт шаарындагы дүйшөмбү күнкү (24-апрелдеги) каргашалуу окуя болгон жайда бүгүн (шейшемби таңда) болгон Франс пресс кабар агенттигинин кабарчысы Женни Мэсью (Jennie Matthew) “Азаттыкка” мындай деп айтты:

- Биз таң жаңыдан атып келе жатканда бул жайга келгенибизде, мындагы кыйсыпырдын издери дагы эле бар экен. Кыртыш дагы эле канга бойолгон бойдон турат. Мына эми гана мысырдыктар аны жууп кетире башташты. Кыштактын негизги бөлүгүнө кетчү жолдо бут кийимдин кандуу издери көпкө чейин турду.

Дүйшөмбүдөгү кол салуунун бутасы – ресторан, кафе жана чоң дүкөн болду. Курорт жайцда кымгуут болчу. Бир чети, жазгы эс алуу күндөрү болсо, экинчи чети, аймак 1982-жылкы израилдик баскынчылыктан боштондукка чыккан күндү белгилөөнүн алдында соңку майрамдык камылгаларды көрүп жаткан.

Террордук кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Айтмакчы, ушул эле аймакта 2004-жылы октябрда Таба курортунда жана 2005-жылы июлда Шарм эш-Шейх курорт жайында ири террордук чабуул жүзөгө ашырылганы маалым.

Мурдагы жардыруулар үчүн Аййад Сайид Салих аттуу теги палестин болгон киши түзгөн жергиликтүү террордук топ айыптуу деп шектелген. Бул топтун “ал-Кайида” сыяктуу террордук топтор менен байланышы бар же жоктугу азырынча белгисиз.

Ал эми Мысырдагы террордук усулду колдонгон уюм катары тыйуу салынган, бирок жергиликтүү саясатка аралашып жаткан “Мусулман Бир туугандар” уюму болсо Дахабдагы террордук кол салууну айыптап чыкты.

Мысыр президенти Хосни Мубарак террордук кол салууну уюштургандарды жана жүзөгө ашыргандарды тез арада таап, мыйзамга ылайык жазалоого буйрук берди.

Эл аралык коомчулук да бул кол салууну айыптоодо.

Кечээ АКШ президенти Жорж Уокер Буш Лас Вегас шаарында мындайча чыгып сүйлөдү:

- Бүгүн (24-апрелде) Мысырда бомба жардырылды. Мен адамдарды өмүрүнөн ажыраткан бул кол салууну терең айыптайм. Мысырда жексур кол салуунун айынан бейкүнөө кишилердин өмүрү кыйылды. Кошмо Штаттар набыт болгондордун үйбүлөлөрүнүн азасын бөлүшөт. Биз жаракат алгандардын өмүрүн тилеп кудайга жалынабыз.

Бүгүн болсо «Хамас» кыймылы жетектеген Палестинанын өкмөтү Дахаб террордук чабуулун уюштургандарды айыптаган билдирүү таркатты.

Мысырдыктарды тынчсызданткан дагы бир жагдай - өлкөгө кыйла киреше алып келчү туристтик тармакка Дахаб кол салуусунун тийгизчү кесепети. Мысыр жылына туризмден эле жети миллиард доллард көлөмүндө киреше алат. Эми чет элдик коноктордун саны кескин азаяр бекен, азырынча так кесе айтуу кыйын.


(Сүрөттө - Шарм эш-Шейх. 2005-жылдын 23-июлу. Архив.)

XS
SM
MD
LG