Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

БЕРМЕТ АКАЕВА: «ӨЛКӨДӨГҮ МИТИНГДЕРГЕ АКАЕВДЕРДИН ТИЕШЕСИ ЖОК»


“Кыргызстандагы 24-март окуясы “жоогазын революциясы” эмес, антиконституциялык мамлекеттик төңкөрүш”, деп билдирди экс-президенттин кызы Бермет Акаева Бишкекте өткөн “Кара өзгөйлүктүн тикен гүлдөрү” деген китебинин бет ачарында.

-Бермет айым, мына бүгүн 24-март окуясына арналган “Кара өзгөйлүктүн тикенек гүлү” деген китебиңиздин бетачаары болуп олтурат. Ушул китепти жазууга сизге эмне түрткү берди?

-Чындык айтылган. Себеби өзүңүздөр билесиздер, 15 жылдагы бүт оппозициялык гезиттер, ММКлар көп эле калп, ушакты айтышты. Ал эми бул китеп чындык үчүн, атам үчүн, атамдын Кыргызстанга кандай салымын кошту, ошол боюнча жазылды. Бул китеп азырынча сатылбайт. Себеби өзүм үчүн чыгаргам.

-Кечээ сиз кыргыз-казак чек арасынан кармалып, улуттук коопсуз кызматы тарабынан суракка алынган экенсиз. Алар сизге кандайдыр бир кысым көрсөткөн жокпу?

-Мен суроолорго жооп бербейм десем, анда бул жерде отурасыз деп айтышты. Бирок эч кандай басым болгон жок.

-Буга чейин өлкөдө болуп жаткан митингдерге экс-президент Аскар Акаевдин үй бүлөөсүнүн тиешеси бар деген пикирлер айтылып келген. Сиздин буга пикириңиз кандай?

-Биздин үй-бүлөбүздүн эч кандай тиешеси жок. Себеби өзүңүздөр көрүп атасыздар, көп эле депутаттар, саясатчылар митингдерге куштар, биздин эч кандай тиешебиз жок бул митингдерге.

-Бермет Аскаровна, 29-апрелде өтө турган митинг тууралуу да оюңузду айтып койсоңуз. Уюштурулуп жаткан бул чара туура кадам деп айтууга болобу?

-Бул митинг жакшы, мыйзам чегинде, тынч өтсүн деген үмүтүм бар.

-Соңку убакта криминалдык топтор баш көтөрүп жаткандыгын айтышууда. Буга бийлик өзү жол берип жатат деген пикирлер да бар. Сиздин бул боюнча көз карашыңыз кандай?

-Аны премьер-министр, ички иштер министринин орунбасары, Жогорку Кеңеш төрагасы айтып атса, анда бул кишилердин сөзүнө ишенебиз да. Демек ошол туура.

-Коомулукта Кыргызстандын ХИПК программасына кириши боюнча ар кыл пикирлер айтылууда. Сиздин оюңузча Кыргызстан бул программага кириши керекпи?

-Бул биз үчүн абдан жаман. Себеби, бул программанын башталганына 10 эле жыл болду. Бул программага азыр 18 эле өлкө өттү. Бүт саясий чечимдер, программалары абдан узун. Биз билбейбиз, кепилдик жок да 10 жылдан кийин бизге карыздарды кечеби, же кечпейби. Париж клубунун программасын өкмөт ишке ашырса, көп жактуу программаны баштаса биз көп карыздардан кутулат элек. Бирок эч ким иштеген жок. Бул жыл толук эле саясат болду. Экономика жагынан эч иш жүргөн жок.

-Учурда Аскар Акаевич үй бүлөөсү менен кайда жашап жатат, эмне менен алек болууда?

-Ал азыр Москвада, азыр катуу иштеп, китебин жазып, университетте иштеп атат. Саясатчылар менен да байланышып атат, бирок негизинен баш оту менен илимге кайрылып келди.

XS
SM
MD
LG