Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

ИЛХАМ АЛИЕВ ВАШИНГТОНДО


Бүгүн Вашингтондо Азербайжан президенти Илхам Алиевдин биринчи ырасмий визити башталат. 2003-жылы өлкөнүн президенти болуп шайлангандан бери Алиев АКШда боло элек эле, анын бул сапары төрт күнгө созулат. Вашингтондогу жолугушуулардын күн тартибинде башкы тема катары талкуулана турган бир катар проблемалар бар.

Илхам Алиевди президент Жорж Буш 28-апрелде кабыл алат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели эки президент кандай маселелерди талкуулай турганын айткан жок. Ал эми мамлекеттик катчы Кондализа Райс президент Алиев менен жолугушкан учурда маанилүү бир катар маселелер – адам укуктары, демократиялык өнүгүү,энергетикалык коопсуздук, региондогу стабилдүүлүк, террорго каршы күрөш тууралуу сөз болорун белгиледи.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Карабах проблемасы да талкууланат. Бирок лондондук эксперт Томас де Уоллдун баамында, бул маселеде президент Буш кандайдыр бир жаңы демилге сунуш кылары күмөн. Ашып барса тынчтык процессин колдоорун айтышы мүмкүн. Негизинен тараптар Ирандын тегерегиндеги жагдайга көбүрөөк көңүл бурат болушу керек, дейт лондондук эксперт. Азербайжандын Москвадагы элчиси Полад Бюл-Бюл оглы президент Алиев Тегеран менен Вашингтон ортосуна арачы боло алат деп билдирди.

АКШда жайгашкан Human Rights Watch уюму атайын билдирүү таркатып,президент Бушту Азербайжанда адилет шайлоого шарт түзө турган демократиялык реформаларды өткөрүүнү,саясий оппозицияны куугунтуктоону токтотууну Алиевден талап кылууга чакырды. Укук коргоочулар Азербайжанда сот көз каранды эмес, полиция ырайымсыз ыкмаларды колдонот деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG