Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

РОССИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРГЕ КВОТАНЫ 300 ОРУНГА КӨБӨЙТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва 24-25-апрель күндөрү Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев расмий сапар менен Орусияда болду. Ал орус президенти Владимир Путин, өкмөт башчы Михаил Фрадков жана башка бир катар расмий адамдар менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды, негизинен, экономикалык жана аскерий жааттагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз президенти Бакиевдин Орусияга алгачкы расмий сапары учурунда ортодо билим берүү жааатындагы маселелер боюнча да сүйлөшүүлөр болгон.

Чын эле президент Бакиевдин Орусияга алгачкы расмий сапарында негизги көңүл соода-экономикалык алакаларга бөлүнгөндөй болду. Анткен менен кыргыз делегациясынын катарында келген Ишенгүл Болжурованын айткандарын угуп олтуруп, кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүндө билим берүү тармагы акыркылардан болбогонуна ишенесиң. Орусиялык жогорку окуу жайлар кыргыз студенттери үчүн квотаны эки эсеге жогорулатканын былтыр эле жарыя кылышкан эле. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Ишенгүл Болжурова айымдын айтымында эми Россия мындан ары Кыргызстандан 300гө жакын адамга орун бермей болушту.

Президент Бакиев расмий сапарынын алкагында соода тармагы боюнча орусиялык өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүргөн чакта жубайы Татьяна Бакиева Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде (МГЛУ) кыргыз тилинин проблемаларына арналган тегерек үстөлдөгү талкуунун башында турду.

Негизи, бул университет менен Кыргызстан мурдатан эле жылуу мамиледе. Окуу жайда кыргыз тили борбору да иштейт. Ал, негизинен, орусиялыктарга кыргыз тилин үйрөтүү менен алек. Мындан эки жыл мурдараак бул борборго Чыңгыз Айтматов да баш багып, орустар кыргыз тилинде эркин сүйлөп калышканына айран таң калганын жашырган эмес эле.

Бул жолу Татьяна Бакиева куру кол келбептир. Борбордун иши илгерилесин деп, бир топ окуу куралдарын, компьютер жана принтер да кошо ала келген экен.

Кыргыз тилине арналган талкуу жөнүндө КУУнун ректору Болжурова айым буларга токтолду.

- Жалпысынан борбордун иши эми эки багытта ишке ашырыла турган болду: биринчиден, орусиялык студенттердин ичинде кыргыз тилин билген адистерди даярдайт, экинчиден, Москвада жашаган кыргызстандыктардын балдары эне-тилин унутуп калбашы үчүн аларга сабактарды өткөрүп турмакчы. Бул максатта Ирина Халиева (МГЛУнун ректору – автор.) борборго орусиялык студенттерди кабыл алмай болду. Анын үстүнө, өзүбүздүн Кыргыз улуттук университетинен бул жакка билимин жогорулатуу үчүн адистерди жиберебиз.

Чынын айтканда, мунун баары буга чейин эле аткарылып келген. Болгону бул жолу буга чейинки иштер улантыла турганы расмий бышыкталды окшойт. Иши кылып, баары мурдагыдай эле улана берет. Бир гана жаңы кабар-жайында Кыргызстан жалпы КМШ өлкөлөрүнөн мыкты студенттерди топтоп калышы мүмкүн.

- Жайында биз Ысыккөлдөгү пансионатыбызга КМШ мамлекеттеринен студенттерди топтоп, «Жаштардын эларалык лагерин» уюштуруп калышыбыз мүмкүн, - деди Ишенгүл Болжурова.
XS
SM
MD
LG