Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

БЕРМЕТ АКАЕВА БИШКЕККЕ ТЫМЫЗЫН МАКСАТ МЕНЕН КЕЛДИ БЕЛЕ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү экс-президенттин тун кызы Бермет Акаева Бишкекке 29-апрелде өтүүчү тынч митингде оппозициячыл күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн тымызын максат менен келди деп айыптап чыгышты. “Реформа үчүн” кыймылдын өкүлдөрү өз кезегинде анын тынч митингге эч кандай тиешеси жоктугун айтышууда. Бермет Акаева өзү дагы кечээ өткөргөн маалымат жыйынында оппозициячыл күчтөр менен байланышы жок экендигин баса белгиледи. Бирок, ага ишенгендер аз.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекованын ишениминде Бермет Акаева Бишкекке 29-апрелдеги митингди колдоо максатында келди. Анткени, буга чейин 18-апрелде Аскар Акаевдин жактоочулары өткөргөн «тегерек үстөлдө» Александр Князевдин «24-март: мамлекеттик төңкөрүш» деген жана ошондой эле, Бермет Акаеванын «Кара өзгөйлүктүн тикен гүлдөрү» аттуу китеби таркатылып, митингге алдын ала даярдыктар башталган. Коммунистердин жетекчисинин баамында Бермет Акаева 29-апрелдеги митингге атайын колдоо көрсөтүү максаты менен Бишкекке келген.

- Бермет Акаева жөн эле отурса болмок. Булардын Кыргызстанды талкалаганы, булардын калпы жетишерлик. Эми келип алып, Кулов менен биригип Кыргызстанга тынчтык бербей атат. Аны жоопко тартыш керек,-деди Клара Ажибекова.

«Арнамыс» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырованын айтымында Берметти аларга чапташтыруунун таптакыр негизи жок:

-Эми кыргыз саясатчыларынын Берметке күнү калыптырбы? Берметсиз эле 29-апрелдеги митингди башкара турган кыргыздын мыкты саясатчылары, атуулдары бар. Кетип калган Берметти чакырып, митингди уюштуруп бер деген болбогон кеп. Кыргызда кыз түгөнүп же киши түгөнүп калгансып.

Коомчулукта 29-апрелде өтүүчү митингге экс-президент Аскар Акаев тарабынан колдоо көрсөтүлүп атат, деген ушак-айың сөздөр күчөдү. Бийликчил «Жаңы Кыргызстан» партиясы да Бермет Акаеванын келишин митингге байланыштырууда. Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүртөрө Жанкабыловдун пикири:

- Бермет Акаева мурда келбей, ушул 29-апрелде болуучу митингдин алдында келишинде күмөн бар. Биз митингди өткөрүүчүлөр менен анын байланышы бар, деп эле ойлоп атабыз.

“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсү, депутат Болот Шерниязов Бермет Акаеванын жана экс-президенттин 29-апрелде өтө турган митингге тиешеси бар деген божомолдорду төгүнгө чыгарды:

- Мен Бермет Акаева менен эч кандай байланышым жок. Болгон да эмес. Ал эми 29-апрелдеги митингге ар кандай ушак кептерди жабыштырып атышпайбы. Кечээ жакында эле “Эркиндик”, “Биримдик” партияларынын мүчөлөрүнүн айткандарын уктуңар го, Таластыктарга 100 сомдон төлөп, митингге чыгарышты,деп. Мен ойлойм ошол киши эртеби, кечпи таластыктардын алдында жооп берип калышы мүмкүн.

Болот Шерниязовдун айтымында, Бермет Акаеваны өлкөгө кирбесин деген мыйзам жок. Ал деле Кыргызстандын атуулу. Кирип-чыкканга толук укугу бар. Ал эми укук коргоо органдарынын жеке проблемалары болсо, чече берсин. Анын Бишкекке келишин 29-апрелдеги митингге байланыштыруу акылга сыйбаган жорук, дейт депутат Шерниязов.

XS
SM
MD
LG