Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

26-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1878-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарына уезддик мекемелерди көчүрүп келүү жана жайгаштыруу иши башталган. 2004-жылдын бу күнү Алай районунун Кайнама жергесинде жер көчкүдөн 33 адам каза болду.

1878-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарына уезддик мекемелерди көчүрүп келүү жана жайгаштыруу иши башталган. Муну менен бирге шаар көчөлөрүн, аянттарды, кварталдарды белгилөө кызуу темп менен жүрүп жатты. Бир эле бакта аскерлер үчүн казармалар, азыркы чиркөө жайгашкан жер, мусулман жана христиандардын бейиттери белгиленген. Ошол убактагы планга ылайык, Бишкек шаарынын азыркы көчө, парктарынын орун алып, жайгашыш жагдайы мерчемделген. Адегендеги план боюнча шаардын түндүк тарабы – Ташкент көчөсү, азыркы Жибек жолу, чыгыш тарабы – Аламүдүн суусу; түштүгү – Лагерный, азыркы Чокморов көчөсү; батыш жагы – Казарменный көчсөсү; азыркы Тоголок Молдо менен чектелген.

1986-жылдын 26-апрелинде адамзат бейпил атом алааматын башынан кечирди. Совет бийлигинин алаасаттын зыяндуулугу менен көлөмүн көшөкөрлөнө жаап, жакшыруусу жана камылга, даярдыгы жок калкты авария кесепетин жоюга чегериши, бейпил адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө зор зыян алып келген. Чернобыль алааматын жоюуга кыргызстандыктар да катышып, алардын денсоолугуна оор залака келтирилип, нечендеген адамдар оору айынан өмүрүнүн акырына чейин жете алышкан жок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чернобылчылар коому иштеп, ал зыян тарткан адамдардын укугу үчүн күрөшүп келет.

2001хжылдын 26-апрелинде Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекет башчыларынын 7-курултайы өткөрүлдү.

2004-жылдын бу күнү Алай районунун Кайнама жергесинде жер көчкүдөн 33 адам каза болду.

26-апрелде дүйнө коомчулугу интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн белгилейт.

1721-жылы биринчи жолу чечекке каршы вакцина колдонулган.

Бу күнү ааламга аты таанылган адамдар: 121-жылы Рим императору Марк Аврелий; 1659-жылы англис жазуучусу Даниэль Дефо; 1900-жылы жер силкинүү күчүн аныктаган Карл Рихтер жарык дүйнөгө келишкен.
XS
SM
MD
LG