Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

ОППОЗИЦИЯНЫН ОШТО МИТИНГ ӨТКӨРҮҮ ОЮ ОРДУНАН ЧЫКПАДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Бүгүн Ош шаарында оппозициянын чоң саясий митинг өткөрүү аракети ордунан чыкпай калды. Аянтка араң отуздай адам чогулар замат аларга митингди токтотууну талап кылып чыккан экинчи топ келип бир тийди. Эки ортодо жаакташмай башталып, чыр чыга турган болгондо милиция кийлигишип, чогулгандар таркап кетүүгө туура келди.

“Кылмыштуулукка жол жок!", "Кыргызстан кайда баратат?", "Элдин эрки эрмек эмес” жана “Конституциялык реформа үчүн” деген ураандарды колдоруна көтөрүшкөн отуздан ашуун адам эртен менен шаардын борбордук аянтына келишип тынчтык митингисин баштады. Бирок, аларга удаа эле башка жактан жыйырмага жакын аялдар пайда болуп, митингди токтотууну талап кылып киришти. Аларга албеттүү жигиттер жардамга келишип, жыйынды таркатууга аракет кылышты. Эки ортодо жаакташуу чыгып кетти.

Жыйынга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким катышкан жок. Бир канча убактан соң аянтка чогулгандар милициянын эскертүүсү астында таркап кетишти.

“Реформа үчүн” кыймылынын Оштогу өкүлдөрү бүгүн бул жакта демократиялык реформаларды талап кылган тынчтык митингисин өткөрүүгө чыгышкан. Бирок, экс-депутат Бегиш Ааматовдун айтымында, тынчтык акциясын өткөрүү аракети бийликтин атайылап жасаган тоскоолдугу аркасында үзгүлтүккө учурады.

- Ким булардын таянычы? Бул базарда жүргөн аялдар, спортсмен балдар. Булардын максаты эптеп ар кандай күчтөрдү алып келип басыш. Чындыкты айттырбайт. Мындай 90-жылдары болгон, Акаевдин убагында да болгон. Ушундайдан Акаев өзү качып кетти го,- деди Бегиш Ааматов.

“Реформа үчүн” кыймылынын төрагасынын орунбасары Анвар Артыков тынчтык митингин бузууга келген адамдардын аракеттерин бийлик тарабынан уюштурулган шыкак катары айыптап, анын демилгечилери катары Президент администрациясынын жетекчиси Усөн Сыдыков менен Ош облусунун губернатору Адам Закировду атады.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн” бирикмесинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн координатору Руслан Ташанов бийлик оппозициянын митингисин шыкакчылар аркылуу үзгүлтүккө учуратуу менен ага бекер саясий реклама жасап кетти деп эсептейт.

- Тынч митингин өткөрүүгө шарт түзүп берип карап турганда тескери натыйжа бербейт беле. Азыр бийликтин аракетин мен саясий мажирөөлүк, саясий сабатсыз аракет катары баалайм. Булар тескерисинче 20-30 адамга өтө чоң саясий реклама жасап беришти деп ойлойм,- дейт Руслан Ташанов.

Ош облусунун губернатору Адам Закиров ушул эле күнү “Азаттыкка” сүйлөгөн сөзүндө борбордук аянтта митинг өткөрүүгө каршы чыккан топко облустук бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG