Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Жалалабатта жолдо ок атып, качып кеткен адамдарды издеп жатышат


ЖАЛАЛАБАТ. Обулустагы тартип сакчылары Барпы айыл өкмөтүнүн Чокодөбө айылында ок атып, “Фолксваген-жетта” автоунаасы менен качып кеткен белгисиз үч адамды издөөнү улантууда. Кечээ жолдо «БМВ» жана «Мерседес» автоунаалары кагышып кеткен. Ошол учурда “Мерседес” автоунаасынан түшкөн бир кишиге жолдон өтүп бараткан «Фолксваген-жетта» машинасындагы адамдар бир нече ирет ок чыгарышкан. Ок эч кимге жаңылган эмес. Окуя болгон жерде тапанчанын эки гильзасы жана бычак табылган. Ички иштер башкармасынан алынган маалымат боюнча ок аткан киши өзбекстандык болуусу ыктымал.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG