Беларус бийлиги кечээки акцияга айрым чектөөлөр менен гана уруксат берди. Оппозиция жыйын Октябрь аянтында өтөт деп үмүттөнгөн эле. Дал ошол жерде өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялар орун алган. Бирок элге жүрүштү аянттан баштоого гана уруксат берилди.
25-апрелде болсо Гомель облусунун соту биргелешкен оппозициянын кандидаты Александр Милинкевичти 10 күнгө түрмөгө кести.
19-март күнкү шайлоону азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко жеңгенден кийин башталган нааразылык акцияларынын дагы бир нече катышуучусу ушу тапта абакта кармалууда.
“Весна” деген жергиликтүү укук коргоо уюмунун өкүлү Алес Беляцкийдин айтымында, бир айдын ичинде 1 миң 200дөн ашуун адам кармалган. Көпчүлүгү 15 күнгө чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган. Айрымдарына каршы болсо кылмыш иштери козголду. "Алардын 75 процентиндейи жаштар", - деп белгилейт укук коргоочу.
Студент Артур Синкевич тамдын бооруна “Биз жаңы бир нерсе каалайбыз” деп жазгандыгы үчүн айыпталууда. Ал 16 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилип, бир нече жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Айып пулдун ушундай көлөмү коомдук мүлккө ири зыян келтирилгени менен түшүндүрүлүүдө. Себеби эми бүт там кайра акталып чыгышы керек экен. Биздин мыйзамдар имараттардын, коомдук жерлердеги тамдардын бооруна жазуу жазган адамдарды 7 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесүүгө жол берет, - дейт дагы бир укук коргоочу Ина Кулей.
Абактардан бошотулгандардын турмушу да оңой эмес. Беляцкийдин ырастоосунда, демонстрацияларга актвидүү катышкан 20 чакты студент университеттерден чыгарылып салды:
Биз азыр аларга чет өлкөлөрдө окуу мүмкүнчүлүктөрүн караштыруудабыз.
Польша жана башка Батыш мамлекеттери ошол студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ишара кылгандан кийин, беларус бийлиги тактикасын өзгөрттү,дейт Ина Кулей:Эми репрессиялар тымызын мүнөзгө ээ боло баштады. Окуу жайынан чыгарыла турган студенттердин тизмеси өсүүдө. Бирок эми алар сабака барбайт, жатаканадагы эрежелерди бузду деген шылтоо келтирилүүдө.
Минскидеги Технологиялык коллеждин окуучусу Ирина мугалимдердин, башка студенттердин мамилеси өзгөргөнүн айтат:Мага бир жума бою өз каалооң менен университеттен кет деп кысым жасашты. Мен албетте, ага каршы болдум. Анда сессияга чейин эле каласың, курсовой ишиңди баары бир тапшырбайсың деп айтышты.