Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

27-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1697-жылы кытай аскерлери жунгарларды талкалашып, акыркылардын кыргыздарга көрсөткөн кыянатчылыгы азайган. 41 күндүк тыныгуудан кийин “Пирамида” телеканалы кайра иштей баштаган.

1697-жылдын бу күнү, Кытай императору Канси асюэши Исэнча жунгар өкүмдары Галдан Бошокту ханга каршы согуш аракети соңуна чыккандыгын билдирип жардык жарыялаган. Императордун жардыгына ылайык, Галданды кармап жазага бериш үчүн аскер жиберилген. Кытай мамлекетинин жунгарларды талкалашы менен алардын кыргыздарга көрсөткөн кыянатчылыгы азайган.

1861-жылдын 27-апрелиндеги орус бийлигинин токтомуна ылайык, Черноморск губерниясында, Степной, Сырдарыя, Фергана, Самарканд областарында жергиликтүү калктын жер менчигин аныктоо, Россиядан көчүрүлчү адамдарга бөлүнө турган жердин көлөмү, берилчү мөөңөтүн тактоо маселеси көтөрүлгөн.

2004-жылдын бу күнү “Ачык коом” институтун түптөгөн Жорж Сорос президент Аскар Акаев менен жолугушуп, акыркынын кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Айтылуу филантроптун айтымында, А.Акаевдин мындай кадамы түбөлүк бийликти көксөгөн Борбордук Азия жетекчилери үчүн мыкты өрнөк болмок.

2004-жылдын 27-апрелинде “Пирамида” телеканалы 41 күндүк тыныгуудан кийин кайрадан иштей баштады. Телеканалдын башкы директору Андрей Цветковдун билдирүүсүнө караганда, бийлик өкүлдөрү мындай кадамга коомчулуктун кысымы, балким Жорж Соростун президент менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында барышы толук ыктымал.

1922-жылдын 27-апрелинде Якут Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулуп, 1992-жылдын бу күнү Саха Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.

Якут АССРнин курулушуна Максим Кирович Аммосов сыяктуу инсандар зор салым кошкон жана М.Аммасов 1937-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз ВКП(б)нын 1-секретардык кызматын аткара баштаган.

1974-жылдын бу күнү айтылуу Байкал-Амур магистралынын курулушуна ыктыярдуу отряддар жөнөтүлө баштады.

Мындан 215 жыл мурун айтылуу америкалык ойлоп тапкыч жана сүрөтчү Сэмюэл Морзе жарык дүйнөгө келип, 1880-жылдын бу күнү Фрэнсис Кларк менен М.Морган кулак аппаратты ойлоп табышкан.
XS
SM
MD
LG