Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

КУРМАНБЕК БАКИЕВ : ӨКМӨТ ҮЙҮН БАСЫП АЛУУГА АРАКЕТ КЫЛГАНДАР КАТУУ СОККУ ЖЕЙТ


Президент Курманбек Бакиев Россияга жасаган расмий сапары жемиштүү болгонун билдирди, ал эми 29-апрелдеги митингиде мыйзам бузуучулук болсо катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Президент Курманбек Бакиев шаршемби күнү өткөргөн маалымат жыйынында негизинен эки маселеге токтолду. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолору да эки теманын тегерегинде болду. Ал сапардын жыйынтыгы жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу болду. Президент өзү бул сапар долбоорлорду деталына чейин талкууланышы менен өзгөчө болгонун, Россия тараптан ири өлчөмдө инвестиция күтүлүп жатканын белгиледи:

Инвестициялардын көлөмү 2-3-миллиард доллар болору күтүлүүдө. Мен оюмча, бул өтө ири өлчөмдөгү инвестициялар.

Камбарата ГЭСтерин Россия менен биргеликте куруу мурдагы бийлик тарабынан деле козголгон эле, азыркы аракеттин мурункудан эмне айырмасы бар деген суроого президент, «мурда бул иштер көбүн эсе кыргыз тараптан кеткен кемчиликтерден ишке ашпай келген, эми болсо ал долбоорлорду жеке өзүм көзөмөлгө алам» деп жооп берди.

Камбарата ГЭСтерине инвестиция тартуу үчүн аларды «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин статусу тууралуу» мыйзамдын алкагынан чыгарыш керек. Андай мыйзамды парламент кароосуна коюуга даярдык көрүлүүдө деди президент. Бул маселе тууралуу өкмөт башчысы Феликс Кулов дагы 25-апрелде парламентте билдирген эле.

Бизде Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу тууралуу мыйзам бар. Ага ылайык ГЭСтерди менчиктештирүү парламенттин уруксаты менен ишке ашат. Биз Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин мына ошол мыйзамдын таасиринен чыгарып, аларды курууга инвестор тартайлы деп жатабыз. Антпесек инвесторлордун келиши кыйын,-деген эле премьер-министр.

Өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов эгерде Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүүгө тыйуу салган мыйзамдан чыгарбасак, анда инвестор келбейт деп, бул багытта жасалып жаткан иштерге карата мындай пикирин билдирди:

Биздин президенттин ошондой маселени коюушу чоң прогресс. Эгерде бизге Камбарата-1 менен Камбарата-2ге инвестиция тартабыз десек, анда аларды Токтогул каскадындагы ГЭСтердин статусунан чыгарышыбыз керек. Ансыз эч кандай инвестиция келбейт.

Президенттин сапары учурунда Кант аба майданын бекемдөө жана Россиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү маселеси да козголгон. Президенттин айтымына караганда, Россиянын Мамлекеттик Думасы кыргыз атуулдарына Россия ичинде каттоосуз 90 күн жүрүү укугун берүү тууралуу мыйзамдын үстүндө иштеп жатат. Бул маселе ошондой эле президент Владимир Путин менен да сүйлөшүлдү.

Өлкө ичиндеги кырдаалга байланыштуу суролорго жооп берип жатып, президент 29-апрелге белгиленген митингиде мыйзам бузуулар болуп, өкмөт үйүн басып алууга аракет жасалса, аларга каршы катуу чаралар көрүлөт деди:

Азыр укук коргоо органдары мыйзам чегинде катуу иштеп жатат. Эгерде кимдир-бирөөлөр (өкмөт үйүн басып алууга ) аракет кылып көрсө катуу сокку алат. Мунун башында турган уюштуруучулар Текебаев, Эшимканов, Байболов, Сариевдер жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн. Эгерде чоң чыр-чатак чыкса-анда жоопкерчиликке тартабыз.

Ал эми митинг мыйзам чегинде боло турган болсо, ага эч кандай жолтоолук жасалбайт, деп белгиледи президент.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG