Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

ИЛХАМ АЛИЕВ: «ИРАНГА КАРШЫ ИШТЕРДЕ АЗЕРБАЙЖАН АКШга ИРКЕКТЕШ БОЛО АЛБАЙТ»


Азербайжан президенти Илхам Алиевдин АКШдагы визити уланууда. Шаршемби күнү Вашингтондо тышкы мамилелер кеңешинде сөз сүйлөп, Алиев бир катар маселелерге,анын ичинде Иран кризисине, Карабах проблемасына жана демократиялык реформаларга токтолду.

Иран проблемасы азыр күндүн башкы темасы болуп тургандыктан Илхам Алиевден бул кризисте анын позициясы кандай, биринчи кезекте ушуга кызыгышты. Алиев Ирактагы иштерде Азербайжан биринчи күндөн тартып АКШга иркектеш болгонун эске салып, Иранга калганда Баку Вашингтонго жардамдаша албай турганын эскертти. “Иран менен түзүлгөн келишимибиз бар, ага ылайык эки өлкө бир-бирине кооп туудурган аракеттерге бара албайт”, - деп айтты Алиев. Иран проблемасын Алиев өзүнүн Вашингтондогу сапарында талкуулана турган башкы маселе деп эсептебейт.

Карабах жаңжалына кайрылып, Алиев аны Азербайжандын башкы проблемасы деп атады. Минск тобунун арачылык аракеттерин жогору баалап, натыйжасыз сүйлөшүүлөр узакка создугуп кеткени үчүн Арменияны айыптады. Алиевдин айтымында, Азербайжан өз аймагында армяндардын баракат жана бакубат турмушта жашашына кепилдик бергенге даяр, бирок өз жерин тарттырып жибергенге эч качан макул болбойт.

Демократиялык процесстерге байланыштуу Алиев өлкөдө эркиндик принциптери негизинен сакталып жатканын белгиледи. Коңшулаш өлкөлөргө салыштырганда демократиянын деңгээлин Алиев Азербайжанда төмөн деп эсептебейт. Ошону менен бирге демократиялык институттар Азербайжанда али толук кемелде иштей албай жатканын да бышыктады.

Алиевден “энергетикалык улутчулдук” тууралуу сурашты. Буга ал жарпы жазыла күлүп, мындай айтымды илгери-кийин укпаганын моюнга алды. Азербайжанда энергетикалык интернационализм бар, деп айтты ал. 1994-жылдан бери мунай-газ тармагында америкалык, британиялык, европалык башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү иштеп жатат. Мындай кызматташтыктан, Алиев маалымдагандай, Азербайжан болжол менен 70 миллиард доллар пайда, 28 миллиард доллар инвестиция алды.

Эртең Ак үйдө Алиев президент Жорж Буш менен жолугат. Байкоочулар адам укуктары темасын Буш козгор бекен же бу маселени энергетикалык долбоорлордун көлөкөсүндө калтырар бекен деп кызыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG