Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

ИГОРЬ ИВАНОВ БИШКЕКТЕ КООПСУЗДУК САЯСАТЫН ТАЛКУУЛАДЫ


26-27-апрелде Кыргызстанда Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов болду. Бейшемби күнү ал Бишкекте президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов баш болгон жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселесин талкуулады.

Акыркы кезде Кыргызстан менен Россиянын жетекчилигинин өз ара карым-катышы интенсивдүү түрдө жүрүүдө. Маселен,Президент Бакиевдин Москвага 24-25-апрелдеги расмий сапарынын алдында Россиянын атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Сергей Кириенко келип, кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышса, 26-апрелде Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов жетектеген жоон топ делегация Бишкекке келип, 27-апрелде өлкө жетекчилиги менен жолугушту.

Премьер-министр Феликс Кулов Игорь Иванов менен жолугушууда жаңы бийликтин экономиканы көтөрүү багытында жасап жаткан иштерине токтолуу менен, 29-апрелге белгиленип жаткан митинг тууралуу буларды билдирди:

Кээ бирөөлөр 29-апрелде өткөн жылдын март айындагыдай окуялар болот деп жатат. Бирок андай дешке эч кандай негиз жок. Зордук-зомбулуктарга биз жол бербейбиз. Менин оюмча баары тынч өтөт. Митингдин уюштуруучулары да ушундай деп жатышат. Ошондуктан 29-апрелде баары мыйзам, демократия чегинде болот.


Кыргыз өкмөт башчысы менен жолугушуудан кийин Игорь Иванов Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылганга караганда, өткөн күндөрү Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия жана Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчылары Тажикстан борборунда чогулуп, регионалдык жана дүйнөлүк коопсуздук маселесин сүйлөшүшкөн. Ал сүйлөшүүлөрдүн алгачкы натыйжасы катары Ниязов Өзбекстандын Кыргызстан, Тажикстан менен чектешкен айрым аймактарга койгон миналардан тазалай баштаганын белгиледи. Тараптар жыйында терроризмге каршы күрөштөн баштап, эмгек мигранттарынын абалына чейин маселени талкуулашкан. Игорь Ивановдун пикиринде регион мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунуч ички жана тышкы тараптан келип турат. Тышкы тараптан коркунуч Ооганстан, Иракта чечилбеген чатактан жана Ирандын айланасында түзүлүп жаткан кырдаалдан келсе, ички проблемалар территориялык, чек ара, транспорт, суу-энергетика боюнча маселелердин чечиле электигинен чыгууда. Бул маселелердин чечилишине салым кошуу максатында коопсуздук кеңештин катчылары мезгил-мезгили менен жолугушуп турууну макулдашкан.

Президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапарына токтолгон Игорь Иванов буларды белгиледи: -Биз кыргыз президентти Курманбек Бакиевдин Россияга жасаган алгачкы расмий сапарынын жыйынтыгына толук канааттанууну билдиребиз. Анда эки мамлекеттин өз ара мамилесиндеги бардык маселелер талкууланды. Эки тараптын мамилеси сапаттуу жаңы деңгэээлге көтөрүлдү.Соода-экономикалык кызматташуу, инвестиция салуу боюнча так маселелер коюлду.

Кыргызстандагы саясий кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берген Игорь Иванов 29-апрелге белгиленген митинг тынч өтүп, демократиялык принциптер сакталып, саясий туруктуулукка доо кетпешине ишеничин билдирди.

«Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук коалициянын жана Канттагы орус аскерий базасы тууралуу Иванов буларды айтты:

Канттагы база Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ушул багыттагы маселелерди чечүүгө кызмат кылат. Ал эми Ганси базасы антитеррордук коалициянын Ооганстандагы күрөшүнө салым кошуу максатында ачылган. Анын бул жерде канчалык мөөнөткө кармоо маселесин антитеррордук коалиция кыргыз жетекчилиги менен чечиш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG