Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ : КОРККОНГО КОШ КӨРҮНӨТ


"Демократиялык күчтөрдүн биримдиги" партиясынын лидери, депутат Кубатбек Байболов 29-апрелде боло турган митинг жөнүндө бийлик көбүртүп жабыртып, коомчулукту негизсиз коркутуп жатат деп билдирди. Саясатчынын айтымында, демократиялык күчтөр эртен Бишкекте митинг өткөрүүнүн маданиятын көрсөткөн жатышат. Бул жөнүндө Кубатбек Байболов «Азаттыктын» бүгүн 27-апрелдеги таңкы уктурууларына берген маегинде баса белгиледи.

- Эртеңки акцияга бир күн убакыт калды. Болорунан болгонго чейинкиси кызык дегендей, азыркы учурда сөз менен согушуу күчөдү. Бул окуя үчүн эки тарап тең жоопкерчиликти бири-бириңиздерге жүктөп жатасыздар. Оппозициянын дарегине мамлекеттик төңкөрүштү көздөп жатат деген айыптоолор айтылып кетти. Сиз эртеңки акциянын уюштуруучуларынын бири катары айтсаңыз, кандайдыр бир чоң кооптонууларга чындап эле негиз барбы, же коомчулук, бийлик, басма сөз да 24-марттын таасиринен чыга албай, митинг десе эле Ак үйгө кирүү, талап-тоноочулукту элестетип кооптонуудабы?

- Аягы суюк кайнене келинине ишенбейт, шектүү шекшинет болуп эле элди дүрбөтүп атышат. Биринчиден, ошол митингдин уюштуручулары болобу, же катышуучулары болобу бирөөсүнүн оозунан да чыккан жок Ак үйдү басып алабыз, же Бакиев кетсин деп бирөө да айткан жок. Экинчиден, өткөн жылдагы марттагы митинг менен азыркы боло турган митингдин табияты эки башка. Өзүңүздөргө белгилүү өткөн жылдагы 24-марттын алдында түштүктө дээрлик мамлекеттик бийлик органдары басып алынган. Ошондуктан былтыркы митингде келе турган адамдардын маанайы, айрым бөлүктөрүнүн максаты дээрлик башка болгон. Азыр болсо митингге катышам дегендердин маанайы дээрлик башка болуп атпайбы. Алардын талаптары, лозунгдары алдын ала айтылып, уюштуруучулар бийлик органдары менен биргелешип коопсуздук маселелерин чечип, күнүгө жаагыбыз талганча айтып атпайбызбы, митинг тынч маанайда болот, майрам иретинде, бирок ошол эле учурда бийликке талаптар коюлат деп. Анын кандай түшүнүксүз жагы бар?

- Демек, коркконго кош көрүнөт болуп атат деп атасызбы?

- Ошондой болуп атпайбы бир четинен. Экинчи четинен “чу” дегенде эле анча-мынча легитимдүүлүк жагы калпыс болгон үчүн президент өзү баш болуп, Самаркандан саман учту десе, жоо чаап келатат деп коркуткандын үстүндө болуп атпайбы. Биздин баамыбызда митинг тынч маанайда өтөт. Уюштуруучулардын максаты элге татынакай талаптар коюлган, цивилизациялуу, маданияттуу митингдер да болот экен дегенди далилдеп көргөзгөнү жатабыз.

- Кубат мырза, парламент жыйынында айттыңыз, милицияларга аянтка чөнтөктөрүнө таш салып келүү жөнүндө көрсөтмөлөр берилди деп, сиз ушуну ишенимдүү маалыматтарга таянып айттыңызбы?

- Жок, көрсөтмө талкууланып жатыптыр дедим. Ал жерде ар кандай “ястребдер” болуп атпайбы. Президенттин тегерегинде да бир-эки “ястреб” бар. Сунуштар киргизилип талкууланып жатыптыр болчу, андай амалдыкка бара койбос.

- Дагы бир маселе, ошол эртеңки митингдин талаптарынын бири укук коргоо органдарын реформалоо эмеспи. Ушул боюнча сиз жетектеген комиссия түзүлдүбү азыр?

- Өткөн бешинчи күнү эле кол коюлду. Эгерде эсиңиздерде болсо бул реформа тууралуу мындан эки айдан ашык мурун президент өзү айтпады беле, андан бери дым болуп калган. Эми митинг болот-болот дегенде указ чыкты. Бийлик мындай деп атат аны жасайбыз, албетте, сунушубузду киргизебиз, эксперттер биринчи жыйынды өткөрдү.

Бирок чындыгында ар бир реформа бышпас болду. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп эле, эптеп келатпайбы реформа. Каалабаган адамдар реформа жасашы кыйын экен. Конституциялык реформанын динамикасын карап көрсөңөр, эч нерсе жасабайбыз Акаевдин Конституциясы жакшы эле экен деп чыгышты. Эч нерсеге жарабаган долбоорду өткөрүп кетишке аракет кылып атышат. Ушинтип эле келе жатпайбы. Укук коргоого жасала турган реформаларды жасабайт. Айтып отурса арман көп дегендей, эмне деген иштерди жасаса болмок буга чейин.

Тектеш

XS
SM
MD
LG