Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

КӨП МИНИСТРЛЕРДИН ИШИНЕ ПАРЛАМЕНТ АЛЫМСЫНБАЙТ


28-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2005-жылга карай берген отчетун канааттандырарлык деп таап, бирок көпчүлүк министрлердин ишине терс баа берди.Эл өкүлдөрүнүн пикиринде бул баанын юридикалык эмес, көбүнэсе моралдык жүгү олуттуу болмокчу.

Премьер-министр Феликс Кулов өкмөттүн 2005-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетту жума башынан тарта бере баштаган. Төрт күнгө созулган талкуунун акыркы күнүндө парламенттеги депутаттык топтордун лидерлери, айрым комитеттердин төрагалары сөз сүйлөдү. Алардын сөзүндө өкмөттүн ишине бир топ олуттуу сындар айтылды. Маселен, Экономиканы, ишкерликти өнүктүрүү жана табийгат ресурстарын пайдалануу боюнча комитет төрагасы Замирбек Эсенаманов энергетика тармагындагы абалды кескин сынга алды:

-Жоготуулар 50% жетти. Өзүбүздүн бул тармакты башкара албагандын негизинде ушундай жоготуулар болуп жатат. Акыркы беш жылдын ичинде «Кыргызэнерго» үчкө бөлүнгөндөн бери алардын бири-бирине карызы 4 миллиард сомго жетти,- деп баса айтты Замирбек Эсенаманов.

«Эл менен" депутаттык тобунун лидери Жантөрө Сатыбалдиев административдик-аймактык реформанын жылбай, мамлекеттик мүлктүн натыйжалуу пайдаланылбай жатканын белгиледи:

-Феликс Шаршенбаевич, туура түшүнүңүздөр, жакшы иштеген жоксуңар. Программаңар жок. Жыйынтык жок. Үмүткө учук байлаган жарыкты көргөн жокпуз.

«Эл биримдиги» депутаттык тобунун лидери Өмүрбек Бабанов электр энергияга тарифти көтөрүү туура эмес кадам экенин белгилөө менен бул коммерциялык жана техникалык жоготуулардын андан ары өсүшүнө алып келет деген оюн билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү ошондой эле салыктардын өлчөмүн андан ары төмөндөтүүгө кириши керек."Жибек жолу» депутаттык тобунун атынан сүйлөгөн депутат Темир Сариев экономикада орун алган тескери факторлорду санады, өкмөт азуусуз деп сынга алды.

Депутат Мелис Эшимканов өкмөттү кызматтан кетирүүгө, болбоду дегенде айрым министрлерди жаштар менен жаңылоого чакырды.

Депутаттык топтордун лидерлеринен кийин сөз сүйлөгөн премьер-министр Феликс Кулов айтылган сындарды туура кабыл алаарын айтты:

-Ачык айтканда, сиздердин сынды кабыл алабыз. Ыңкылаптан кийин элдин үмүтү өтө чоң болчу. Биздин ишибиз ал үмүттү актай элек. Бирок, ошондой болсо да, биз реалдуу түзүлгөн абалга жараша иш кылалы. Туура, коррупцияны ооздуктоо боюнча аракетибизден майнап чыга бербей жатат. Ага убакыт керек экен. Айтылган сындардын негизинде президентке биз сунуштар менен чыгабыз, экономиканы көтөрүү боюнча да чараларды көрөбүз,- деп белгиледи Феликс Кулов.

Премьер-министрдин сөзүнөн кийин депутаттар жашыруун добуш берүү менен өкмөттүн өткөн жылга берген отчетун канааттандырарлык деп тапты. Ал эми ар бир министрлерге баа берүүгө келгенде, добуш берүү тизмесине киргизилген 53 депутаттын көпчүлүгүнүн оң баасына маданият, транспорт министрлери жана миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы гана ээ болду. Ал эми калган министрлердин иши канааттандырарлык эмес деп табылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG