Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: «БАКИЕВ АКАЕВГЕ АЙЛАНДЫ»


29-апрелдеги митингге социал-демократтар партиясы «Акаев, кетсин!» деген ураан менен чыгышат. Бул тууралуу партиянын лидери, «Реформа үчүн» штаптын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Атамбаевдин пикири боюнча, бир жыл өтсө да Кыргызстанда эч нерсе өзгөргөн жок, ошол себептен бийлик эл коюп жаткан талаптарды кабыл алып, реформа жасоого тийиш.

Алмаз Атамбаевдин айтаар сөзү ал тараткан маалымат баракчасында так жазылыптыр. Аны маалымат жыйынында алгач Атамбаевдин өзү окуп берди:

- Азыр өлкөдө болуп жаткан окуялар ушундай таасир калтырат – ыңкылап болбогондой, Акаев дале тактысында Ак үйдө отуруп алып башкарып жаткандай, болгону Акаев чач койдуруп алып, криминал менен кучакташып, достошуп алгандай таасир калууда.

29-апрелде митингде демократиялык күчтөр кандай ураан менен чыгаары да ачык болду:

- Эч нерсе өзгөргөн жок – баягы эле дүжүр кошоматчылар, баягы эле бизге тааныш антимитингдер, баягы эле КТР аркылуу, Президенттин пресс-кызматы аркылуу бир жактуу шыбамайлар. Ошондуктан биз эртеңки митингге «Акаев кетсин!» деген ураан менен чыгабыз.

27-апрелде Алмаз Атамбаев президент Курманбек Бакиев менен көзмө-көз жолугушкан. Мен ага бир жылдан бери айтып келаткан сөзүмдү дагы бир жолу айттым. Буга менин укугум бар, анткени былтыр 23-24-мартта экөөбүз үзөнгүлөш элек. Мен ага реформа жасаңыз, кылмышкерлер менен кучакташып, достошуп алган аткаминерлериңизди кызматтан алыңыз дедим. Президент ойлонуп жатат, эмнени ойлонуп жатат – аны билбейм, деди Атамбаев.

- Кимдир-бирөөлөр айтыптыр, - деп сөзүн улады социал-демократтардын башчысы, - Акаевге деле 15 жыл чыдабадык беле, муну деле ошончо күтөлү, деп. Бирок андай болбойт! Биз ыңкылапты бир үй-бүлөнүн ордуна экинчисин тойгузалы деп жасаган эмеспиз. Биз реформаларды, тартипти жана атуулдардын коопсуздугун талап кылабыз, - деди Атамбаев.

Маалымат жыйынында ал конституциялык реформа жасабай, хандыкындай бийлиги бар президенттик такка отуруп калган Курманбек Бакиев Аскар Акаевге айланып калды деди. Ага байланыштуу Атамбаев советтик бир мультфильмди – «Ажыдаардын мунарасы» деген мультфильмди эске салды.

- Бир мунарада ажыдаар жашаптыр. Аны эр жүрөк баатырлар дагы жеңе албаптыр. Көрсө мунарага кирип, ажыдаарды жеңген баатырдын баары ал жердеги чириген байлыкты, жакут-алтынды көргөндө өздөрү ажыдаарга айланып кетчү экен.

«Президент дале ойлоп жатат – мени элдин 87% шайлаган деп, биз былтыр тандем үчүн, тандем берген убадалар үчүн добуш бергенбиз. Бир жылдан бери эч нерсе жасалган жок – бийлик элди калп менен, убада менен алдап келатат. Азыр кырдаал башка. Коюлуп жаткан талаптар 4-5 саясатчынын эмес, жалпы элдики, муну 20 миң киши катышкан 29-апрелдеги митингде Бакиевдин өзү көрөт», деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Бакиевдин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекет башчысы демократиялык күчтөр коюп жаткан талаптар менен макул экенин, ал талаптардын айрымдары азыр аткарылып жатканын «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Муну Бакиев 27-апрелде бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда да айтып өткөн.

- Президент бул талаптардын айрымдары ишке ашып жатканын айтты. Маселен, Конституцияны реформалоо боюнча комиссия түзүлүп, анын башына Бекназаров дайындалганын жана ал комиссия өзүнүн ишин баштаганын айтты. Ошондой эле сот системасын, күч органдарын реформалоо боюнча депутат Байболов башында турган топ атайын жарлык менен түзүлгөнүн айтты.

Чолпонбек Абыкеевдин маалыматы боюнча президент Бакиев демократиялык күчтөр менен качан да болсо сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген. Бирок саясий партиялардын лидерлери президент менен жолугушууга өздөрү кызыкдар болбой жаткандай, деп сөзүн жыйынтыктады Абыкеев.

XS
SM
MD
LG