БИШКЕК. Расмий бийлик абалдан чыгуунун жолун издебей эле, күнөөкөрлөрдү табуу менен алектенүүдө. «Реформа үчүн» кыймылынын штаб башчысы Өмүрбек Текебаев кечээ ушундай мазмундагы билдирүү таратты. Билдирүү президент Курманбек Бакиевдин 26-апрелде маалымат жыйынында айтылган пикири менен байланыштырылган. Анда президент 29-апрелдеги митингде чатак чыкса, анын уюштуруучулары Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Кубатбек Байболов, Темир Сариев өңдүү саясатчылар жооп берип калышы мүмкүн деп билдирген.