Митингдин катышуучулары Президент Курманбек Бакиевдин, премьер-министр Ф. Куловдун борбордук аянтка келишин талап кылып, ураан чакырышты. Президент менен премьер-министр көп күттүрбөй эле чогулган калың топтун алдына келишти. Курманбек Бакиев чыгып сөз сүйлөп, бийликти сынга алып жаткан оппозиция өкүлдөрүн өлкөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү көрбөгөн сокур саясатчылар деп атады.
Ф. Кулов президент экөөнүн тандеми эл үчүн иштеп жатканын белгилеп, оппозиция коюп жаткан талаптарды жогорку бийлик карап чыгарын билдирди. Бирок, чогулган эл кыйкырык чуу менен коштоп, президент менен премьер-министрдин сөзүн аягына чыгарган жок. Ошондон кийин К. Бакиев менен Ф. Кулов дароо эле артка бурулуп, митингди таштап чыгып кетишти. Оппозиция өкүлдөрү президент эл талабына кулак салганга даяр эмес деп анын соңунан сын айтып кыйкырышты.
Нааразылык митингиси бириккен оппозициялык күчтөр тарабынан уюштурулду. Бул акцияга болжол менен он миңдин тегерегинде адам катышты.
Оппозициялык күчтөр жогорку бийлик эл талабына кулак салбаса, талаптар аткарылбаса 27-майда кайрадан митинг уюштурушарын жар салышты.