Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

«АДАМ ЭМЕС, ЗАМАН АЛМАШСЫН ДЕП ЧЫККАНБЫЗ!»


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн 29-апрелде борбордук Алатоо аянтында өткөн тынч митингге 15 миңге чукул адам катышып, 10 талаптан турган резолюция кабыл алынды. Алардын “Бакиев келсин” деген талабынан кийин президент Курманбек Бакиев, премьер- министр Феликс Кулов келип сөз сүйлөштү. Эгер коюлган талаптар аткарылбаса митингчилер туура бир айдан кийин 27- майда кайра акцияга чыкмай болуп тарашты.

Митингчилер алгач шаардын ар кайсы жеринде чогулуп, анан борбордук аянтты көздөй бет алышты. Алмаз Атамбаевдин тарапкерлери Жеңиш аянтында, демократиялык коалициянын өкүлдөрү филармониянын жанында, «Арнамыс» партиясы менен бейөкмөт уюмдар Горькийдин эстелигинин алдына, депутат Темир Сариевдин шайлоочулары Жаш гвардия гүлбагында, ал эми депутат Мелис Эшимкановдун жана «Пирамида» телеканалынын жактоочулары Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулушту.

Борбордук аянтка кирип келатканда көзгө топтошуп турган аял милиционерлер урунду. Алар митингчилерди гүл менен тосуп алышты. «Ынтымакка, биримдикке чакырып тосуп турабыз» дешти алар.

Митинг башталаары менен жамгыр да көнөктөп төгүп кирди. Алгач сөздү Өмүрбек Текебаев алды:
- Былтыр биз адам эмес, заман алмашсын деп кыймылга чыкканбыз. Бийлик эски бийликтин кылык- жоруктарын жасап атканын чыдап карап тура албайбыз. Конституциялык реформа жүрүп авторитардык режим кулап, демократиялык бийлик орношун каалайбыз.

Текебаевдин сөзүнөн кийин мамлекеттик гимн жаңырды. Андан кийин чогулгандар асманга ар түркүн түстөгү шарларды кое беришти. Митингдин катышуучулары маал- маалы менен «Бакиев келсин», “Кулов келсин” деп кыйкырып турушту .
«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов Курманбек Бакиевдин президенттик күбөлүгү кагаз экенин эскертти:
- Айланайын Курманбек Бакиев, былтыр 24- мартта өз элиң сени ушул орунга отургузган. Шайлоо алдындагы убадаларыңды аткар деп акырын эскерткени келдик. Эгер биздин талаптар аткарылбаса анда Акаевдин тагдыры күтөт. Курманбек Бакиев президенттик күбөлүгү жөн гана кагаз экенин унутпасын .

Митингдин уюштуруучулары сүйлөп бүтүп калган кезде арт жак дүрбөй түштү. Жыйырмага чукул жансакчыларынын коштоосунда Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов пайда болду. Президент Курманбек Бакиевдин айтымында, митингде криминалдык элементтер болуп калышы ыктымал барбаңыз дегендер болуптур:
- Мен өз элимден коркпойм, эгер тагдырым ушундай болсо ушул жерде туруп өлгөнгө даярмын. Мен асмандан түшкөн жокмун, мен силер шайлаган президентмин. Элдин турмушун жакшырталы, жумуш менен камсыз кылалы деп иштеп атабыз. Ал болбой атат, бул болбой атат дегендер бул сокур, эчтекени көргүсү келбеген саясатчылар,- деди мамлекет башчы.

Президенттен кийин сөздү Феликс Кулов алып, оюн кыргыз тилинде түшүндүргөнгө аракет кылды:
- Урматтуу туугандар, эл- журт! Силер жакшы билесиңер, тандем эл менен. Сиздердин талаптарды биз карайбыз. Бир топ талаптарды президент указ менен чечти, кечинде указ чыгарды. Бир күндө баарын чечиш мүмкүн эмес, силердин талаптарыңардын баарын карап чыгабыз.
Премьер-министр сүйлөп бүткөндөн кийин президент да, өкмөт башчы да шарт бурулуп митингчилерди таштап жөнөп кетишти.

Мамлекеттик жетекчилик кеткенден кийин митингчилер 10 талаптан турган резолюцияга добуш беришти. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов туура бир айдан кийин 27- майда кайра ушул эле жерде митинг өтөөрүн жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG