- Бүгүн чоң митинг өткөрдүңүздөр, ушул митинг өзүнүн максатына жеттиби?
- Биз митинг өз максатына жетти деп ойлойбуз. Анткени митингдин алдына биp саясий гана эмес, моралдык дагы мааниси болот дегенбиз. Mитингге жамгыр жаагына карабастан алыстан он миң деген адамдар келип өз эркин билдирди. Мыйзамдуулукту, тартипти талап кылган элдин эркин бийликке, биринчи кезекте элдин өзүнө көргөзөлү дегенбиз. Эл өз күчүнө, өз кубатына ишенип кетти. Антпесе өкмөттүн, бийликтин криминалдык дүйнөнүн алдындагы алсыздыгын көрүп, ага таазим кылып атканын көрүп, акыркы кездерде бизнесмендер, карапайым калк бизди ким коргойт деген кооптонуу менен жүргөн. Бүгүн эл өз күчүнө ишенип кетти деген ойдобуз. Биздин реформа боюнча кыймыл мындан ары да ушуга окшогон акцияларды өткөрүп, реформаны аягына чыгарганга чейин аракет кылат.
- Өмүрбек мырза, ушул митингди уюштурууда бир топ кыйынчылыктар болду, өзгөчө провoкация, чагымчылык болуп кетпейби деген маселе боюнча. Сиздердин соңку маалыматтар боюнча эл тынч тарадыбы, шаарда жагдай кандай?
- Биздин маалыматыбыз боюнча уюшулган түрдө митингдин катышуучулары тынч үйлөрүнө кетип жатышат. Биз ойлойбуз эч кандай тартип бузуулар болбош керек. Сиз туура айттыңыз, бийлик болгон тоскоолдугун кылып, келбегиле согуш, чатак болот деп адамдарды коркутканга аракет кылды. Бул абдан туура эмес кадам болуп калды. Өзүлөрү көргөндөй баары тынч, жакшынакай болуп өттү.
- Өмүрбек мырза, митингге, элге президент Курманбек Бакиев менен премьер-министр Феликс Кулов келишти жана сөз сүйлөштү. Алардын сөзүнө сиз канаттандыңызбы, алардын айткан ойлору эмнени билдирди?
- Көп коомчулук кылмыштуулукка, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүнү талап кылышты. Тилекке каршы президент да, өкмөт башчысы да коррупцияга, өзгөчө уюшулган кылмыштуулукка каршы сокку берүү жөнүндө өз ойлорун айтышкан жок. Андан башка эл алардын шайлоо алдында берген убадасын, тандемдин берген убадасына, алардын шайлоо алдындагы программасына добуш бергендигин баса белгилеп, ошол убадаларын аткарышын талап кылып турду. Тилекке каршы премьер да, президент дагы ошол убадаларды так-так айтып, кайсынысы качан аткарылат айта алышкан жок. Тескерисинче, ал жерде жамгырда келип турган 25 миңден ашык адамды Бакиев, силер куурчаксыңар, эки-үч сокур саясатчынын сөзүнө ишенип ушинтип жүрөсүңөр дегендей күнөө койгонго үлгүрүп калды.
- Мындан ары да сиздер кандай аракеттерди көрөсүздөр?
- Менин оюмча, биринчиден 20 миңден ашык адам жамгыр жааганына карабастан келип турганын көрбөгөн бийлик сокур. Беш-алты саясатчы сокур эмес, алардын сөзүнө кирип эл минтип акпайт. Бир-эки адам сокур болушу мүмкүн, бирок жалпы калк, эл сокур болбойт. Алар баарын көрүп, баарын угуп турат. Менимче, элдин сөзү бийликтегилерге таасир этет болуш керек. Мындан кийин да митингдер болот. Биз тандемчилердин шайлоо алдында берген убадаларын кайра-кайра эсине салып, анын аткарылуусун талап кыла беребиз.