Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

ТЕГЕРАНДЫН ЖАҢЫ ШАРТЫН ВАШИНГТОН ЧЕТКЕ КАКТЫ


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын ишин МАГАТЭнин юрисдикциясына кайтарып берсе, Тегеран агенттиктин текшерүүчүлөрүн атомдук ишканаларына кое бериши ыктымал. Иран өкмөтүнүн ушундай шартын АКШ четке какты.

Тегерандын позициясы менен кечээ Ирандын атомдук мекемесинин жетекчи орун басары Мохамед Саеди тааныштырды:

Биз эларалык агенттик менен кызматташуу иретинде жана эларалык келишимдердин алкагында МАГАТЭ менен кызматташуубузду улантууга даярбыз. Бирок маселе агенттиктин карамагында кала бериши керек.

Ал ошондой эле БУУнун инспекторлорунун Иранга кайтуу мүмкүнчүлүгүн айтып, Тегеранга каршы “радикалдуу чаралар” көрүлсө, Иран да өз кезегинде ошондой эле чараларга барат, - деп белгиледи.

Бирок Вашингтон бул сунушту четке какты. Ак-Үйдүн басма сөз катчысы Блэйн Ретмайер Иран өзөктүк мүдөөлөрүнөн баш тартышы керек деп билдирди.
АКШ жана Европа мамлекеттеринин турумуна ылайык, Коопсуздук кеңеши Иранды МАГАТЭнин жана кеңештин талаптарын аткарууга мыйзамдуу түрдө милдеттендирген резолюция кабыл алууга тийиш.

Кеңештин туруктуу мүчө-мамлекеттеринин жана Германиянын тышкы иштер министрлери 9-майда Нью-Йоркто чогулуп, Иран кризисин талкуулашмакчы.

Жуманын башында президент Махмуд Ахмадинежад Иран атомдук технология тармагын өнүктүрүүгө укуктуу деп кайталады:

-Ядролук технологияларга жетишүү – кары жашы, аял-эркегине карабай, бардык ирандыктардын каалосу. Алардын Ирандын ядролук ишмердигин колдогон добушун ушул жерден уга аласыздар.

Кошмо Штаттардын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иран санкцияларды кабыл алууга даяр көрүнөт деген оюн ортого салды:

Ирандыктар азыркы кырдаалды жакшылап байкап, санкция коркунучуна карабай, өз турумунан баш тартпоону чечти деп ойлойм.

Иран анын ядролук программасы тынчтык максаттарын көздөйт деп кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG