Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ СОГУШЧАНДАРДЫ ТЫНЧЫТАТ ДЕГЕН ҮМҮТТӨ


Иракта абал курч бойдон калууда. Америкалык аскерлер апрелде 69 жоокеринен ажырады. Бул акыркы төрт айдагы эң чоң жоготуу. Президент Жорж Буш ишемби күнкү билдирүүсүндө ирактык саясатчылардын “ал-Каиданын” жана согушчандардын коркутууларына каршы ишенимдүү турушканын жогору баалады. Өткөн жуманын башында “ал-Каиданын” Ирактагы лидери ал-Заркави террордук чабуулдар дагы күчөтүлөөрүн эскерткен. АКШнын өзүндө Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылгандардын саны өсүүдө.

Үч жыл мурда президент Буш Ирактагы “миссия аткарылганын” айткан. Бирок, алиге өлкөдө тынчтык орной элек. Муну Жорж Буш 29-апрелде жасаган радиокайрылуусунда ырастап, Ирактын жаңы өкмөтү козголоңчу күчтөрдү ийге салат деген үмүтүн билдирди:

–Террорчулар алардын Ирактагы жана Жакынкы Чыгыштагы карасанатай пландары үчүн жаңы курама өкмөт коркунучтуу экенин жакшы түшүнүшөт. “Ал- Каиданын” Ирактагы башчысы, террорчу Заркави ушул аптада жарыялаган видеотасмасында жаңы өкмөттү коркутуп, террордук чабуулдар токтотулбайт деп убада берди. Заркави “бул келебей немелер демократияны ойношууда” деп, Ирактын жаңы өкмөтү анын мусулман дүйнөсүндөгү пландарына урулчу “ууланган канжар” болорун айтты.

Абу Мусаб ал-Заркави өткөн жуманын башында Интернет аркылуу таркатылган видеотасмада Ирактын жаңы өкмөтүн келекелеп, өлкөдө “дагы күчтүү чабуулдар болорун” эскерткен.
Иракта абал татаал. Акыркы кезде сунни козголоңчулары автобуска мина койгонду кеңири жайылтып, жатташууну күчөтүүдө. Жекшемби күнү Багдаддын четиндеги шиит калктуу Садр шаарында микроавтобуска коюлган бомбадан жети киши жарадар болду. Ушул эле шаарда өткөн жуманын башында микроавтобус жарылып, эки киши өлгөн жана беш киши жараат алган.

АКШнын аскерлери Багдаддын түштүк ныптасындагы Юсуфия шаарчасынын жака белинде акыркы жумаларда өткөрүлгөн операция учурунда 20дан ашуун козголоңчу жок кылынганын 30-апрелде маалымдашты. Америкалыктардын айтымында, козголоңчулар Юсуфия аймагын Багдадда жанкечтилик чабуулун даярдоо үчүн пайдаланышат. Бул аймакта өткөн айда америкалык тикучар эки учкучу менен атып түшүрүлгөн.

Американын өзүндө Ирактагы согушка нааразылык өсүүдө. Ишмеби күнү Нью-Йоркто он миңдеген адамдар Ирактан аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылып жөө жүрүш өткөрүштү.

Буштун администрациясынын Ирактагы аракетин сындаган генералдар да көбөйүүдө. АКШнын мурдакы Мамкатчысы, отставкадагы генерал Колин Пауэлл ишемби күнү берген телеинтервьюда, Ирактагы согуштун биринчи күнүнөн тартып эле чоң катачылыктарга жол берилип жатканын белгиледи:

–Мен башынан эле белгисиз жагдайда иштөө үчүн операцияга чоң аскерий күчтөрдү тартуу зарыл дегендердин биримин. Багдад кулап, бийлик институттары кыйратылып, министрликтер да ойрон болгондон кийин тартип орнотуу үчүн бизде аскерлер жетишсиз эмес экенин мен көп жолу айтканмын. Себеби, өкмөт жана режим кыйратылгандан кийин өлкөдөгү жагдай үчүн биз жооптуу болуп калганбыз.

XS
SM
MD
LG