Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

1-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1853-жылдын 1-майында орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алуу маселесин козгогон. 1-май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген.

1853-жылдын 1-майында орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алуу маселесин козгогон. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековду эли менен бирдикте Россия империясынын букаралыгына алуу жана андан жарала турган оңтойлуу жайдай туурасында айтылат. Мындан тышкары катта Ормонду орус ордосуна чакыруу жана аздектеп күтүү, сый-урмат көрсөтүү сыяктуу кеп-кеңеш келтирилет.

1-май Кыргызстанда “Жаз жана эмгек майрамы” деген аталышта белгиленет. Совет мезгилинде 1-май эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын жаралыш тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1-май майрамына түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө салтанаттуу белгиленет.

1-май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жана майрамдоо салты түптөлгөн.

1995-жылдын 1-майында Кыргызстандын расмий бийлиги Борбордук Азияны ядролук куралдардан эркин аймак деп жарыялоо сунушун жарыялаган. Кыргыз бийлигинин пикирине ылайык, мындай кадам аймактагы тынчтык жана өз ара ишенимди арттырмак, ошондой эле башка өлкөлөрдүн ядролук куралдарды көбөйтүү программасына бөгөт коймок.

1930-жылдын бул күнү Түркстан-Сибирь темир жолунун салтанаттуу ачылышы өткөрүлгөн. Темир жолдун ишке киргизилиши аймактын экономикасы өнүккөн Россия, аны менен бирге Европа өлкөлөрүнө байланыш куруусуна өбөлгө жаралды. Түркстан-Сибирь темир жолунун алкагында Кыргызстандын Чүй жана Жалалабат аймагын камтыган темир жол куруу долбоору ишке ашырылган.

1840-жылы англияда дүйнөдө биринчи болуп почта маркасы колдонууга киргизилген.
XS
SM
MD
LG