Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

ЭМГЕК МАЙРАМЫ СПОРТТУК ИШ ЧАРАЛАР МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ


Биринчи Май эмгек майрамы Бишкекте борбордук Алатоо аянттагы спорттук мелдештер менен белгиленди. Айрым шаар тургундары спорттук оюндарды башка күнү өткөрүп, май майрамы шаңдуу маанайда белгиленсе болмок деген пикирде калышты.

Борбордук аянтка эртең менен келишкен окуучуларды, студенттерди, эмгек ардагерлерин шаардык маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри шаңдуу музыка менен тосуп алды. Көнөктөп жааган жамгырга карабай спорттун чуркоо түрү боюнча мелдеш уюштурулуп, ага мектеп окуучулары, студенттер, эмгек ардагерлери катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө азыноолак белектер берилди.

Шаар башчы Арстанбек Ногоевдун айтымында, спорт менен жаштардын ден соолугун чыңдап, келечек муундарга жакшы шарт түзүп берүү максатында шаар бийлигинде аракеттер жасалууда.

Аянтка келген айрым шаар тургундары Совет доорунда шаан-шөкөт менен өткөрүлүүчү 1-май эмгекчилердин тилектештигинин күнүндөгүдөй майрам азыр өткөрүлбөй калганына өкүнүштү.

Алардын бири медициналык орто окуу жайдын мугалими Касымбек Ашымов мурдагы Союз биримдиги кезиндегидей эле шаңдуу майрам өткөрүшсө дурус болоор эле дейт.

-Азыркыдай тынчтык кроссун бөлөк күнү уюштурса деле болмок. Мына ушуга капа болуп турам. Эмгекчилердин майрамы болгондон кийин, соода түйүндөрүн иштетип, ыр-күү жаңыртып, өнөрпоздордун өнөрү тартууланса карапайым калк бир күн болсо да эс алып кетишмек,-деди Касымбек Ашымов.

Анын мындай пикирин шаар тургуну Шайлообек Сулайманов да колдоду. Анын айтымында, 1-май эмгек майрамы эмес эле студенттердин спорт боюнча райондук мелдешинин бир түрү болуп калды.

Борбордук Алатоо аянтына келишкен жаштар спорттук оюндар менен кошо көңүлдүү ыр-бийлерди, эстрадалык ырчылардын майрамдык программадагы концертин, жогорку окуу жайларынын студенттеринин кызыктуу оюн-зоогун тартууласа майрамдын шааниси ачылмак, деген көз караштарын билдиришти.

Шаар тургундарынын көпчүлүгү Кыргызстанда 1-май “Жаз жана эмгек майрамы” деп белгиленгени менен мамлекет эмгекке маани бербей, жумушсуз адамдардын саны күн санап өсүп жатканын айтышты.

Бишкектин мэри Арстанбек Ногоев жумушсуздук учурдагы негизги проблемалардын бири экенин, учурда шаар бийлиги токтоп калган өнөр жай, ишканаларды жандандыруу максатында инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жылыга 120 миң жумушчу орундарын түзүү мэриянын негизги максаттарынын бири.

Атуулдарды жумуш менен камсыздоо кызматынын расмий маалыматы боюнча 8 миңге чукул адам жумушсуз. Экономикалык жактан кыйла өскөн күндө да өлкө жарандарын 100 пайыз жумуш менен камсыз кылуу мүмкүн эмес, дейт Арстанбек Ногоев.

Кыргызстанда 1-май майрамына 1919-жылдан баштап маани бериле баштаган. Учурда бул күн дүйнөнүн 66 өлкөсүндө салтанаттуу белгиленет.

XS
SM
MD
LG