Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:07

2-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1198-жылдын бу күндөрү каракытай өкүмдарынын сансыз аскери Сырдарыяга карай жортуул сапарын улантышкан. 1920-жылдын бу күнү Фрунзе шаарында “Интергельпо” сукно фабрикасы ишке киргизилген.

1198-жылдын бу күндөрү каракытай өкүмдарынын сансыз аскери Сырдарыяга карай жортуул сапарын улантышкан. Өкүмдар аскер башына Тайнку вазирди дайындап, ага бу аймакта жашаган калкты баш ийдирүү вазийпасын жүктөгөн.

Каракытайлар чыгыштан батыш багытында жортуул жасап, жазма булак маалыматтарына ылайык бу мезгилде кыргыздар менен кырчылдашып турушкан. Айрым илим адамдары “Манас” эпосундагы согуш эпизоддорду кыргыздардын каракытайлар менен болгон согуш аракети катарында чагылдырат.

1920-жылдын бу күнү Фрунзе шаарында “Интергельпо” сукно фабрикасы ишке киргизилген. Фабриканын курулушуна Кыргызстанга келген интернационалисттер зор салым кошуп, мындан ары өлкөдө индустриалдык өнөр жайдын өнүгүшүнө чыйыр салынган.

1945-жылдын бу күнү советтик армия Берлин шаарын ээлешти. 4 жылга созулган учу кыйырсыз согуштун соңку илеби келип, миңдеген жоокерлер фашисттер бекинген уюкка эки-үч эселенген күч менен сокку уруп жатышты. Теңдешсиз согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, фашисттик Германиянын кулашына өз салымдарын кошуп атышты.

1908-жылдын 2-майында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Төрөбай Кулатов жарык дүйнөгө келген. Т.Кулатовдун киндик каны Ош областынын Ноокат районундагы Карабулак кыштагына тамган. Кедей-дыйкан бүлөсүнөн чыккан Төрөбай Кулатовдун эмгек жолу жумушчулук кесиптен башталып, кийин анын жылдызы мамлекеттик саясатчы деңгээлине жанган болчу.

Бу күндү бахаи дин өкүлдөрү Ризванды он экинчи күнү деп салтанат менен белгилешет. Бахаи ишениминин негиздөөчүсү Бахаулла 1863-жылдын бу күнүн өз ишмердүүлүгүнүн башталышы деп жарыялаган.

Бу күнү 1729-жылы орус императору Екатерина II; 1601-жылы таанымал табияттаанычу Атанасиус Кирхер; 1868-жылы америкалык физик, “эксперимент генийи” атыккан Роберт Вуд жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG