Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИН КЫРГЫЗ ДОСУ МАРАТ АКМАТАЕВ


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бала кезден берки досу Марат Акматаев менен кабарчыбыз Аманбек Дилденбайдын маегин мурда жарыялаган элек. Анда Марат мырза студенттик кезинде Кемин районундагы Коңур деген жайлоодо кыргыз-казак тоюнда Нурсултан Назарбаев кыргыздардын намысын коргоп күрөшкө түшүп, байге алганын, көк бөрүгө түшүп улакты кыргыздардын жайлоосуна алып кеткенин айтып берген эле. Марат Акматаев бүгүнкү маегинде январь айында өткөн Назарбаевдин инаугурациясына барып келгени тууралуу азыноолак кеп кылат.

-Нуракенин президенттикке ант берүү салтанаты абдан сонун өттү. Бардыгы өз ордунда, уюштуруу иштери да мыкты болуптур. Жанагы ак сарайга киргенде кадимкидей бир касиеттүү жерде жүргөндөй таасир берет. Чакырылган коноктордун арасында Россиянын мурдагы президенти Борис Ельцин, азыркы президенти Владимир Путин, Беларусиянын президенти Лукашенко, Ооганстанддын президенти дагы бир катар белгилүү саясатчылар, илимпоздор жүрүшкөнүн көрдүм.

-Экс-президент Аскар Акаев да барды деген кабар уктук эле. Сиз ал кишиге жолуга алдыңызбы?

-Аскар Акаевди барды деп мен да уктум. Бирок көргөн жокмун. Чынын айтыш керек. Инаугурациянын жүрүшүндө көңүл иренжиткен, ашыкча бир нерселерди көргөн жокмун. Абдан чоң деңгээлде өткөнүнө күбө болдум. Дагы бир мени кызыктырганы, ошол күнү Астана шаарынын тургундары бардыгы кубанышып, көчөдө салтанат куруп жүрүштү. Бороон-чапкын болуп турса да суукка карашпай ушунчалык сайран курушту.

-Марат мырза, казактардын баш калаасы Астана адам тааныгыс өзгөрдү дешет. Шаарга мурда деле барып жүрдүңүз эле, бул барганыңызда кандай таасир калтырды?

-Жаш кезде Украинада окуп жүргөндө поeзд менен Карагандага баратканда ушул Астана, мурда Целиноград деп коюшчу, ошол шаар аркылуу өтчүбүз. Ал Целиноград менен азыркы Астананын асман менен жердей айырмасы бар. Азыр Астанада 35 кабат үйлөр, ири-ири маданий имараттар курулуп көздүн жоосун алат. Анан дагы ал жерде жайдыр-кыштыр курулуш иштери жүрүп жатат. Эки жылдан кийин Маскөөнү кууп өтөт деп ойлойм. Бизде ноябрь айында эле суук түштү деп курулуш иштерин токтотуп жатышпайбы. Ошол эле цемент. Ошол эле кирпич. Эмне үчүн Бишкекте Астанадагыдай курулуш иштерин жүргүзгөнгө болбойт? Арданасың.

-Марат мырза кайрадан Назарбаевдин инаугурациясына кайрылсак. Сизден башка чогуу окуган досторунан да барыштыбы? Ушунча жерден ат арытып баргандан кийин анан досуңузга жолуктуңузбу?

- Эми чогуу окугандардын эч кимиси деле баргандай болгон жок. Эч кимисин жолуктура албадым. Ансыз деле чет мамлекеттен барышкан президенттер, көрүнүктүү саясатчылар, ишмерлер курчап жүрүштү. Мени менен баш ийкешип эле учурашты. Менсиз деле ал жердегилер жетиштүү эле. Мени менен президенттик администрациянын адамдары жүрүштү.

-Ал эми аяшыңыз Саара менен баарлаштыңызбы?

-Анын деле колу бошогон жок. Алыстан баш ийкешип саламдаштык. Мени балдары жакшы тааныйт. Бери жакта алар мени сыйлашты. Менсиз деле чакырылган меймандар көп болду. Алардын арасына баргандай мен эмне Кыргызстандын президенти белем. Баса президент Курманбек Бакиев да жүрдү. Аны көрдүм. Нукемдин жакын туугандары, жакшы сааналаштары менен өзүбүзчө бир “табак” болуп,кечени абдан көңүлдүү өткөрдүк.

XS
SM
MD
LG