Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК КУРАЛГА ЭЭ БОЛУШУНА ЭЧ БИР БАШКА МАМЛЕКЕТ КЫЗЫКДАР ЭМЕС


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе эң жогорку деңгээлде талкууланууда. Уран байытуу иштерин токтотпосо, Иранга каршы эл аралык чектөө киргизүү маселеси жакын арада Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде талкууланышы мүмкүн. Аны менен катар, Иранга каршы АКШ аскерий сокку урушу мүмкүн деген да маалыматтар тарап жатат.

Вашингтон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Эдвард Луттактын айтымында, АКШ Иракка каршы аскерий сокку урушу мүмкүн деген кабарлар чындап эле көп. Ирактагыдай согуш баштала турганы жөнүндө болсо азырынча айтыла элек, бирок эгер андай согуш башталса, абал Ирактагыдан алда канча чатак болушу мүмкүн.

Иракта негизинен эки улут - арабдар менен күрддөр жашайт, арабдар болсо эки негизги топко - шийилер менен суннилерге бөлүнөт жана азыр диний араздашуу Иракта негизги маселелердин бири.

Кошуна Иранда дагы мусулмандар суннилер менен шийилерге бөлүнөт, бирок андан тышкары улуттар да көп.

Негизги улут - персилер - өлкө калкынын жарымын гана түзөт, ал эми калктын 25 пайызы - азербайжандар. Иранда жашаган азербайжандардын саны эгемендүү Азербайжандын жалпы калкынан да көп. Ирандын калган 25 пайыз калкын күрддөр, арабдар, түркмөндөр, белуждар, мазандарандар жана башка улуттар түзөт, алардын эң көбү - 9 пайызы - күрддөр. Ошондуктан, эгер согуш башталса, бир топ ири баш аламандык чыгышы мүмкүн. Эдвард Луттактын айтымында, Иранда жашаган азербайжандардын арасында эгемендүүлүк эңсегендер да бир топ.

Ошондуктан Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кошуна Азербайжан дагы тынчсызданууда.

НАТО уюмунун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Пьер Лелюштун айтымында, эгер Иран өзөктүк куралга ээ болсо, андан бүткүл регионго коркунуч түзүлөт: "Менин оюмча, Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна эч бир башка мамлекет кызыкдар эмес. Бул абдан чоң маселе. Андан Израилге гана эмес, региондогу башка мамлекеттерге дагы, Европага дагы коркунуч түзүлөт, анткени Ирандын ракеталары Европага жете алат. Кавказ мамлекеттери үчүн дагы бул өтө коркунучтуу", - дейт Лелюш.

Анын айтымында, май айынын аягында Парижге Азербайжан президенти Илхам Алиев келет жана ал НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жетекчилери менен жолукканда, башкалардын арасында ушул маселе дагы талкууланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG