Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

3-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1863-жылдын бу күнү Проценко баштаган орус отряды Жумгалдагы Кокон чебине чабуул баштаган. 1917-жылдын бу күнү Пишпектин шаар калкы орус падышалык тактан кулагандыгын угушкан.

1863-жылдын бу күнү Проценко баштаган орус отряды Костектен чыгып, Боом капчыгайына бет алган. Проценко жетектеген орус аскерлерине Жумгал өрөөнүндөгү орун алган Кокон хандыгынын чебине чабуул кою милдети жүктөлгөн. Орус аскерлери Ысыккөл аркылуу Кызарт ашуусуна келишип, мындан Жумгал өрөөнүнө түшүшкөн. Жумган чебин кокондук 50сарбыз кайтарышып, алар Проценконун аскерине каршылык көрсөтүүгө жарашкан эмес. Орус аскерлери чепти басып алгандан кийин ал талкаланып, мында Кокон хандыгынын бийлиги жоюлган.

1917-жылдын бу күнү Пишпектин калкы орус падышалык бийлигинин тактан кулагандыгын угушкан. Архив материалдарына караганда, бу туурасындагы кабар телеграф аркылуу Пишпек кызматына түшкөн.

Бүгүн эркин басылманын Бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. Эркин басылма күнүн белгилөө саамалыгы мындан он үч жыл мурун ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан көтөрүлүп, дүйнөлүк эркин басылмалар муну кызуу колдоо менен кабыл алган.

2002-жылдын 3-майында кыргызстандык редактор менен журналисттер бу майрамга шайкеш “Бишкек декларациясына” кол коюшкан.

Документте “Кыргызстанда эркин басылмалардын саны көбөйүп, демократиялык принциптер сакталды дегени менен алар толук эркин абалга жете элек” – деп белгиленет.

Бу күн Польша Республикасынын улуттук майрамы. 1791-жылдын 3-майында Польшанын Конституциясы кабыл алынган жана ал Европадагы биринчи кабыл алынган баш мыйзам деп саналат.

Бу күнү – 1469-жылы атактуу италиялык саясий ойчул, тарыхчы Николла Макиавелли; 1564-жылы таанымал драматург Вильям Шекспир; 1898-жылы Израилдин биринчи премьер-министри Голда Меир; 1941-жылы аялдар арасындагы шахмат боюнча дүйнө чемпиону Нона Гаприндашвили жарык дүйнөгө келсе, 1610-жылы орус боярини Миаил Шуйский; 1658-жылы англиялык мамлекеттик ишмер Оливер Кромвель дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG