Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

НТС ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БЕРҮҮЛӨРҮ ЭМИ АЙМАКТАРГА ЖЕТПЕЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек НТС телеканалын аймактарда берилүүчү жыштыктан ажыратуу демилгеси вице-премьер-министр Адахан Мадумаров тарабынан көтөрүлгөн. Ошондуктан, бийлик көз карандсыз телеканалга саясий кысым жасоодо, деп билдирди аталган теле каналдын жетекчиси Оксана Малеванная. Анын мындай дооматын «Кыргызтелекомдун» алдындагы радиожыштыктар боюнча башкармалыктын директору Кубанычбек Бегалиев четке какты. Анын айтымында, НТС телеканалы башкармалыктын койгон талаптарына убагында маани беришкен эмес.

НТС телеканалынын жетекчиси Оксана Малеванная «Кыргызтелекомдун» алдындагы радиожыштыктар боюнча башкармалык 1-майдан баштап НТС телеканалынын аймактарда берүү жыштыгын ЭлТР коомдук телерадио компаниясына өткөрүп беришин бийлик тарабынан атайын жасалган кысым катары баалады.

Кандай өңүттөн караганда дагы биз муну саясий кысым катары баалайбыз. Эгерде биз оюн-зоок берүүлөрүн уюштуруп, көңүл ача турган программаларды берсек анда жөнү башка болот эле,-деди Оксана Малеванная.

Маалымат берүүчү өкмөттүк эмес компаниялардын маселесин кароо боюнча март айында түзүлгөн, вице-премьер-министр Адахан Мадумаров башында турган өкмөт аралык комиссия аймактарга чыгуу жыштыгын ЭлТР коомдук телерадио компаниясына берүүнү чечкен.

«Кыргызтелекомдун» алдындагы радиожыштыктар боюнча башкармалык алдын ала 2006-жылга карата түзүлгөн келишимди бузуп мыйзамсыз кадамга барды, дейт Оксана Малеванная. Анын мындай пикирине «Кыргызтелекомдун» алдындагы радиожыштыктар боюнча башкармалыктын жетекчиси Кубанычбек Бегалиев караманча каршы.

-НТСга бийлик тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Коомдук телевидение түзүү боюнча үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы чыккан. Биз ошол жарлыкты аткарып жатабыз. НТСтин жетекчилигине ал жыштыкты өчүрөм, деп январда эле айткам. Бирок алардан тиешелүү жооп болгон жок,-деди Кубанычбек Бегалиев.

Анын пикиринде бул маселени саясатташтыруунун кажети жок. НТСтин жетекчилиги аймактарга берүү жыштыгына чыгыш үчүн башкармалыктын койгон талаптарын аткарган эмес.

Бул маселе боюнча айрым журналисттер Аскар Акаевдин доорундагыдай массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнүн ыкмасы, жаңы бийлик тарабынан да колдонула баштады деген көз караштарын айтышууда. Эркин журналист Рысбек Өмүрзаков болсо НТС телеканалынын берүүлөрүн өкмөт тарабынан чектеп салышы сөз эркиндигине карата кысымдын башталышы катары бааларын билдирди.

НТСтын жетекчиси Оксана Малеванная бул маселени мыйзамдын жолунда чечип берүүнү өтүнүп жакында өкмөткө кайрылганын, бирок өкмөт тараптан эч кандай жооп болбогонун маалымдады.

 

XS
SM
MD
LG