Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

ОППОЗИЦИЯ КЕЛЕРКИ МИТИНГДЕ БАКИЕВ-КУЛОВ ТАНДЕМИНИН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛАТ


«Реформа үчүн» кыймылы 29-апрелдеги митингге коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, реформаларды тездетүү өңдүү он талап алып чыккан. Келерки митингде бул талаптарга Бакиев-Кулов тандеминин отставкасы кошулат.

Азыркы бийлик 27-майга чейин талаптарды аткарарына оппозиция ишенбейт. Муну, маселен, депутат Кубатбек Байболов бийликтин сырын өтө жакшы билгендиги менен түшүндүрдү. Оппозициялык лидерлер президент Курманбек Бакиевдин 29-апрелдеги митингде сүйлөгөн сөзүн да далилге тартышты. Бакиев ошол митингде элдин кызыкчылыгы үчүн көп иштер жасалып жатканын белгилеп, оппозицияны сынга алган болчу.

- Кээ бир саясатчылар айтып атпайбы, ал болбой атат, бул болбой атат, тигиндей- мындай деп. Эми ошол саясатчылардын сөзү менен айтканда, бул сокур саясатчылар, бул көргүсү келбеген саясатчылар,-деп сүйлөгөн болчу Курманбек Бакиев.

Анткен менен, оппозиция өкүлдөрү ар кандай диалогдорго барууга качан болбосун даяр.

- Биз диалогго, компромисске ачыкпыз. Биз бул жөнүндө дайыма айтып келатабыз. Биз компромиссти жактайбыз,-деп баса белгиледи социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев.

Оппозициялык кыймылдын жетекчилеринин айтымында, 29-апрелдеги митинг элдин жашоосун өзгөртүү, бийликтин жүзүн элге буруу мүдөөсүн көздөгөн.

- Бийликке биз биримдигибизди, өзүбүздүн каалообузду көргөздүк. Жарандар өздөрүн өздөрү көрүп, өз күчүнө ишенип, чоң дем алып кетишти. Бул абдан чоң маанилүү фактор. Ошол планда биз митинг өз максатына жетти дейбиз,- деди кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев.

Оппозиция лидерлери митингдин ырааттуу, тынч, уюшкандык менен өткөнүн жетишкендик катары баалашып, уюштурууга байланышкан айрым кемчиликтерди келерки митингде эске алышаарын билдиришти. 27-майдагы митинг жалпы республикалык деңгээлдеги акция болоруна алар ишенишет. Бирок, эч качан бийликти басып алууга барышпайт, мыйзамдын так сакталышын бекем көзөмөлдөшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG