Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

БАЛТИКА МЕНЕН КАРА ДЕҢИЗГЕ ЧЫККАН ӨЛКӨЛӨРДҮН САММИТИ


Нарын АЙЫП, Прага Бүгүн Литванын борбору Вильнюс шаарында ири эл аралык конференция өтөт, ага бир нече мамлекеттин президенти, НАТО уюмунда тышкы саясат үчүн жооптуу Хавье Солана, АКШ вице-президенти Дик Чейни жана башка саясатчылар катышат.

Конференция - Европа Биримдиги менен НАТО уюмуна кошуна мамлекеттер ортосундагы кызматташууну күчөтүү жана демократиялык баалулуктарды чыңдоо маселесине арналат. 1999-жылы дагы Литва ири конференция уюштуруп, анда - НАТО жана Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүнү эңсеген 10 мамлекетти бириктирген уюм түзгөн жана алардын көпчүлүгү максатына жетти. Азыркы конференцияда болсо бул эки батыштык уюмдун айланасындагы мамлекеттер арасындагы кызматташууну күчөтүү жана аларды демократиялаштыруу максат катары коюлган.

Кабыл алуучу тарап - Литва менен Польшанын президенттери Валдас Адамкус жана Лех Качински. Андан тышкары жыйынга Украина, Грузия, Румыния жана Молдованын президенттери Виктор Ющенко, Михаил Саакашвили, Траян Басэску жана Владимир Воронин. Азербайжан, Армения, Болгария, Латвия, Орусия, Эстония жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда жана жыйынды Балтика менен Кара деңизге чыккан өлкөлөрдүн саммити деп да атап жатышат.

Жыйындын алдында 3-май күнү Вильнюста - катышуучу мамлекеттердин айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү да жолукту. Форум деп аталган ал жыйында Маскөөдөгү Эл аралык жана регионалдык саясат борборунун деректири Борис Кузнецов чыгып сүйлөп, конференцияны уюштургандарды сынга алды. Анын айтымында, демократия таратуу шылтоосу менен Батыш Маскөөгө каршы саясат жүргүзүүдө жана Орусиянын кошуна мамлекеттерин өз тарабына тартып жатат.

Форумга катышкан Мажарстандын өкүлү Иштван Диармати болсо ал үчүн Маскөөнүн өзүн күнөөлөдү: "Акыркы жылдарда биз Орусия менен бирдей баалулуктарды бөлүшө алабыз деп ойлогонбуз. Бирок азыр - андай болушу мүмкүн эмес экенин моюнга алыш керек. Бул өтө орчундуу нерсе. Биз баалулук деген нерселерди Орусия баалулук деп тааныбайт жана Маскөө менен эми - кызыкчылык негизинде кызматташыш керек", - деди Иштван Диармати.

Конференцияда үч негизги маселе талкууланат, биринчиси - Чыгыш Европа мамлекеттеринде чыныгы демократия орнотуу жана ага НАТО менен Европа Биримдиги көрсөтө ала турган жардам, экинчиси - бул эки уюмга мүчө жана аларга кошуна мамлекеттер ортосундагы кызматташууну күчөтүү жана үчүнчү маселе - региондогу коопсуздукту чыңдоо.

3-май күнү Вильнюста Литва менен Грузиянын президенттери Адамкус менен Саакашвили сүйлөшүү өткөрүп, Грузиянын НАТО уюмуна жана Европа Биримдигине кошулуу маселесин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG